Түрк басма сөзү  17.01.2020

Бүгүн басмадан чыккан гезиттерден кыскача маалыматтар.

1342597
Түрк басма сөзү  17.01.2020

«Хүррйиет» гезити «Президент Эрдоган : бардык мүмкүнчүлүктөрүбүздү түштүгүбүздөгү аймактын ырааттуулугу үчүн колдонууну улантабыз» деген макаласында президент Р. Т. Эрдоган кечээ Бештепе улуттук конргесс жана маданият борборунда 2019 – жылга баа берүү жыйынында сөз сүйлөгөндүгүн жазган.

«Ливиядагы мыйзамдуу өкмөт жашап калышы үчүн бул өлкөгө аскер жиберүүдөбүз»,- деген Эрдоган : «Түркиянын коопсуздугунун чек арасынын тышында баштагандыгын билип туруп саясий, соода, адамзаттык, дипломатиялык жана аскердик бардык мүмкүнчүлүктөрүбүздү түштүктөгү аймактарыбыздын ырааттуулугу үчүн колдонууну улантабыз»,- деди.

«Сабах» гезити «Министр Дөнмезден жергиликтүү автомобиль тууралуу маалымат» деген кабарында энергетика жана  жарытылыш ресуртары министри Фатих Дөнмез кечээ «Жергиликтүү электрдүү унаалар менен бирге 2030 -  жылы Түркияда 1 миллиондон ашуун электрдүү унаанын болорун күтүүдөбүз»,- дегенин жазган.

«Йени шафак» гезити «Өлкө тышындагы саякаттарга 2019 -  жылдын 9 айында 3, 4 миллиард доллар жумшалды» деген кабарында Түркиядан 2019 -  жылдын январь  -  сентябрь айларында өлкө тышына чыккан түрк жарандарынын саны мурунку бир жылдын ушул эле мезгилине салыштырганда 11, 9 пайызга өсүп, 6 миллион 530 миң 388ден 7 миллион 411 миң 702 кишиге жогорулагандыгын белгилеген. Бул мезгилде 3 миллиард 380 миллион 213 миң доллар акча жумшалган.

«Стар» гезити «Түрк вакцинасы модифицирленип онкологиялык оорулар үчүн иштелип чыгууда» деген маалыматында Экинчи дүйнөлүк согушунда Түркияда чыгарылган, чечек оорусуна каршы вакцина модифицирленип акыркы жылдарда популярдуулугу барган сайын өскөн жана онкологиялык ооруларды дарылоодо оорулуулардын иммунитет системасын күчтөндүрүп, оору менен күрөшүүнү максат кылган иммунотерапия дарыларынын бири кылууга аракет кылынып жаткандыгын жазган.



Тектеш кабарлар