Түрк басма сөзү-24.10.2019

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

1293982
Түрк басма сөзү-24.10.2019

«Йени шафак» гезити «Түркия 6 жылда түзүлгөн картаны 14 күндө бузуп таштады» аттуу маалыматында Түркиянын Сириянын түндүгүндө баштаган «Тынчтык булагы» операциясынан кийин Орусия жана АКШ менен эки маанилүү меморандум түзүп Сириянын түндүгүндө 6 жылда түзүлгөн картаны 14 күндө бузуп таштаганын жазган. «Тынчтык» булагы операциясынын жыйынтыгында АКШ жана Орусия менен жетишилген эки макулдашуу жана Түркиянын аянттагы күчү жикчил террор уюму ПКК/ЙПГны Сирия тең салмактуулугунун тышына түрттү.

«Стар» гезити «Орусия: ПКК/ЙПГ чегинбесе Түрк армиясы аларды тебелеп өтөт» деген маалыматында Орусиянын Президенттик сарайынын (Кремль) басма сөз катчысы Дмитрий Песковдун Түркия менен жетишилген макулдашуунун алкагында ЙПГ/ПККнын Сириянын түндүгүнөн чегинүүсү керектигин белгилегенин баяндаган. Песков, ПКК/ЙПГга мүчө террористтердин чегинбеген учурунда Сириянын чек ара коопсуздугу үчүн  Орусиянын аскердик полициялары чыгууга аргасыз боло турганын жарыялады. Песков: «Орусия менен Түркиянын ортосунда жетишилген макулдашуунун аклагында ЙПГ/ПКК чегинбесе Түрк армиясы аларды тебелеп өтөт»,-деди.

«Ватан» гезити «НАТО Түркия-Орусия келишимине канагаттанды» деген маалыматында НАТОнун башкы катчысы Йенс Столтенбергдин Түркия менен Орусиянын келишиминен кийин маалымат бергенин баяндаган. Столтенберг: «Сириянын түндүгүндөгү абалдарды кылдат байкоодомун жана кубаттаймын»,-деди. Процесс байкалып жатканын айткан Столтенберг: «Кагылышуунун азайышы кубандырат. Сочи макулдашуусу Сирияда чечүүчү жол табыш үчүн үмүт берүүчү»,-деди.

«Хабер түрк» гезити «Түркиянын экономикасы позитив өсүүгө карай илгерилеп баратат» аттуу маалыматында Эркин өнөр жайчы жана ишкерлер коомунун (МҮСИАД) төрагасы Абдуррахман Каандын Түркиянын экономикасынын жылдын башындагы негатив өсүү божомолдоруна карабастан позитив өсүүгө карай илгерилеп баратканын маалымдаганын жазган. Абдуррахман Каан, Түркия дуушар болгон курс чабуулдарынан ылдам түрдө ашып өткөнүн, экспортунун дагы барган сайын артканын айтты.

«Хүррийет» гезити «Түркия иш жүргүзүү жеңилдиги индексинде 33-орунга жогорулады» аттуу маалыматында казына жана каржы министри Берат Албайрактын Түркиянын Дүйнөлүк банк даярдаган Иш жүргүзүү жеңилдиги индексинде 43-орундан 33-орунга жогорулаганын жарыялаганын маалымдаган. Социалдык медиа барагы Твиттерден бөлүшүүсүндө Түркиянын Дүйнөлүк банк даярдаган отчет тууралуу маалымат бөлүшкөн Албайрак, Түркиянын Иш жүргүзүү жеңилдиги индексинде дагы 10 баскычка жогорулаганын белгиледи.

 



Тектеш кабарлар