Түрк басма сөзү-23.10.2019

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

1293118
Түрк басма сөзү-23.10.2019

«Хабер түрк» гезити «Түркия менен Орусиянын ортосунда коопсуз аймак боюнча тарыхый макулдашуу» аттуу маалыматында АКШдан кийин Орусия менен дагы макулдашууга жетишилгени маалымдалды. Президент Режеп Таййип Эрдоган менен Орусиянын президенти Владимир Путиндин Сочидеги жолугушуусунда макулдашууга жетишилди. 150 сааттын ичинде жикчил террордук уюм ЙПГ/ПККга мүчө террористтер куралдары менен кошо Түркия чек арасынан 30 чакырым тышына чыгарылат. Аймакта Түркия-Орусия күзөттөрү башталат.

«Сабах» гезити  «Улуттук коргоо министрлиги: Жаңы операция жүргүзүүнүн кереги жок» аттуу маалыматында Улуттук коргоо министрлигинин Сирияда «Тынчтык булагы» операциясы жүргүзүлгөн аянттан тышкары жаңы операциянын кереги жок экенин билдиргенин маалымдады. Билдирүүдө: «120 сааттык мөөнөттүн акырында АКШ тарабынан ПКК/ЙПГнын аймактан чыгуусунун бүткөрүлгөндүгү билдирилди»,делди.

«Хүррийет» гезити «Дүйнөлүк Саламаттык сактоо Уюму ак фосфор бомбасы айтымдарын четке какты» аттуу маалыматында Дүйнөлүк Саламаттык сактоо Уюмунун басма сөз катчысы Кристиан Линдмайердин Сириянын түндүк чыгыш жагында жикчил террордук уюм ЙПГ/ПККны жактоочулары жана айрым Батыштык медиа уюмдарынын Түрк армиясын күнөөлөө үчүн ак фосфор күйүгү катары кабарлаган фотосүрөттөрдүн мындан мурда Сириянын башка кагылышуу аймактарынан болгонун белгилеп өткөнүн баяндаган. Кристиан Линдмайер, террордук уюмдун жалгандары жана аймактагы абалды кылдат байкагандарын айтты.

«Стар» гезити «Англиянын The Times жазуучусу; ПКК күрттөргө жана түрктөргө зыян тийгизүүдө» аттуу маалыматында Англиянын The Times гезитинин жазуучусу Сара Тордун террордук уюм ПКК/ЙПГ/СДКнын Түркиядагы жикчил террор уюму ПККнын уландысы болгонун, максаттарына жетиш үчүн террорго кайрылгандарын жазганын баяндаган. Сириянын түндүгүндө түзүлө турган коопсуз аймакка да жазуусунда колдоо көрсөткөн Сара Тор, ПККнын түрктөргө жана күрттөргө тийгизген зыянды жана жараткан кайгыны өзү көргөнүн баса белгиледи.

«Йени шафак» гезити «Түрк даамдары сериалдар менен дүйнөгө таантылат» деген кабарында туризмде чыгарылыш түрдүүлүгү көбөйүүдө экенин жазган. Саламаттык сактоо жана дин туризми менен катар гастрономия туризми да 75 миллион турист максаты болгон 2023-жыл туризмине салым кошо турганын маалымдаган. Ушул алкакта чет өлкөдө кызыгуу жараткан Түрк сериалдары жана кинолоруна гастрономия чыгарылышын жайгаштыруу болот. Түрк ашканасынын баш тартылгыс даамдары сериалдарга жайгаштырылып дүйнө жүзүнө көрсөтүлөт. Ушундан улам жергиликтүү даамдар менен өлкөгө турист тартылат.



Тектеш кабарлар