Түрк басма сөзү  15.10.2019

Бүгүн басмадан чыккан гезиттерден кыскача маалыматтар.

1288343
Түрк басма сөзү  15.10.2019

«Хабер түрк» гезити  «Эрдогандан Манбижге операция белгиси» деген кабарында президент Р. Т. Эрдогандын Сирияда жүргүзүлүп жаткан «Тынчтык булагы» операциясындагы ийгиликтүү жыйынтыктардан кийин Манбижди белгилегендигин жазган. Эрдоган : «Манбиждин чыныгы ээлери араптар. Ал жерге арап туугандарыбыз кирет. Биздин максатыбыз алардын бул жерге кириши жана коопсуздугун түзүү»,- деди.

«Ватан» гезити «Эрдоган Түркиянын террор менен күрөшүүсүн көрбөгөндөргө каршылык көрсөттү» деген маалыматында президент Эрдогандын батыш дүйнөсүнүн Түркиянын террордук уюмдар менен күрөшүн көрбөгөндүгүн айтканын жазган. Эрдоган : «Бул таштаган акыркы кадамдын бир гана себеби бар. Сириянын түндүгүн ПЙД, ЙПГ жана ДЕАШ террордук уюмдарынан тазалоо жана ал жерди чыныгы ээлерине тапшыруу. Биз муну Ел Бабда жасадык, 3 миң 500 террористти жок кылдык. Дүйнө муну көрбөй жатат»,- деди жана бул эки жүздүүлүктүн түшүндүрмөсүнүн жок экендгин айтты.

«Стар» гезити «ПКК/ПЙД/ жана ДЕАШ террордук уюмдарынын кызматташуулары документтештирилди» деген кабарында «Тынчтык булагы» операциясында Сиряда Тель Абяд райондук борборунун толугу менен ЙПГ/ПКК террористтеринен куткарылгандыгын маалымдаган. Тель Абяд борборунда ЙПГ террористтери ичиндеги ДЕАШ террористтерин эркин коё берген  абактын көрүнүштөрү ортого чыкты. Абактын  террористтер тарабынан толугу менен бошотулгандыгы, бийик дубалдар менен курчалган имараттын ачык каалгалары көңүлдөрдү бурду.  

«Йени шафак» гезити «Трамп Тынчтык булагы операциясын манипуляция кылган АВС каналына каршылык көрсөттү» деген макаласында АКШнын президенти Дональд Трамп Американын кабар каналы ABCнин курал таанытуу учурунда тартылган күчтүү жарылуулар орун алган көрүнүштөрдү «Тынчтык булагы» операциясында болуп жаткандай көрсөтүшүн «чыр - чатак» деп мүнөздөгөнүн жазган.

«Хүррийет» гезити «Түрк авиация өнөр жайынын продукциялары Түштүк Кореяда көргөзмөгө чыгат» деген кабарында Түрк авиация жана космостук өнөр жайы ТУСАШ  Түштүк Кореяда 15 – 20 -  октябрда боло турган Сеул эл аралык авиация жана коргоо жарманкесинде биринчи жолу бул продукциялардын таанытыларын жазган. Жарманкеде өзгөчө Гөкбей жана Т129 АТАК тик учактарынын чоң кызыгуу көрүшү күтүлүүдө. Жарманке Түштүк Корея менен эки тараптуу байланыштардын өнүктүрүлүшү үчүн маанилүү бир мүмкүнчүлүк болот.



Тектеш кабарлар