Түрк басма сөзү-9.10.2019

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

1285178
Түрк басма сөзү-9.10.2019

«Сабах» гезити «Сирия жана Ирак уруксат документинин мөөнөтү узартылды» аттуу маалыматында президент Режеп Таййип Эрдогандын «Бир түнү капыстан келебиз» сөздөрү менен Түркия жана дүйнөдө көздөр Сирияга багытталган операцияларга бурулган ушул учурда, Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын Жалпы жыйынында Түрк куралдуу күчтөрүнүн «ТКК) ПКК баш болгон террордук уюмдар жана Түркияга багытталган коркунучтардын алдын алуу үчүн чек аранын ары жагына операция жүргүзүүүсүнө мүмкүнчүлүк берген уруксат документинин мөөнөтү дагы бир жылга узартылганын маалымдаган.

«Стар» гезити «Вучичтен Эрдоганга мактоо; Мага ал сыяктуу дүйнөлүк лидер көрсөткүлө» аттуу маалыматында Сербиянын президенти Александр Вучичтин президент Режеп Таййип Эрдогандын Түркияда бийликке келген мезгилде (2002) 3500 доллар деңгээлинде болгон киши башына түшкөн улуттук кирешесинин учурда 11 миң долларга жеткенин көрсөтүштү. Мага муну ишке ашыра алган башка дүйнөдөгү же Европадагы лидерди көрсөткүлө»,-дегенин берген.

«Ватан» гезити «Эрдоган-Трамп жолугушуусунун күнү белгилүү болду» аттуу маалыматында АКШнын президенти Дональд Трамптын президент Режеп Таййип Эрдогандын 13-ноябрда АКШга сапар жасай турганын билдиргенин маалымдаган. Трамп Твиттерден бөлүшүүсүндө «Бир топтору Түркиянын АКШнын чоң өнөктөшү экенин унутууда. Түркия, F-35 согуштук учактарынын болот бортун жасап чыгарууда»,-деди.

«Хабер түрк» гезити «Түркия жана Орусия долларга каршы макулдашты» аттуу маалыматында Түркия жана Орусия соодада долларизациянын таасирин азайтып, рубль жана түрк лирасынын колдонулушун арттыруу үчүн расмий келишимге кол койгонун жазган.

«Хүррийет» гезити «Стамбул дүйнөнүн эң коопсуз шаарларынын катарында» деген маалыматында жыл сайын Намбео тарабынан жарыяланган дүйнөнүн эң коопсуз шаарлары тизмесинин быйылкысы да жарыяланганын жазган. Жарыяда дүйнөнүн эң коопсуз шаарларынын тизмесинде Түркиядан бир топ шаар кирди. Тизмеге караганда Түркиянын эң коопсуз шаары Эскишехир болду. Тизмеде ошондой эле Стамбул, Анкара, Измир жана Бурса дагы орун алды.



Тектеш кабарлар