Түрк басма сөзү-08.10.2019

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

1283879
Түрк басма сөзү-08.10.2019

«Йени шафак» гезити «Эрдоган: «Балкан өлкөлөрүнө карай саясатыбызды дин багытында жүргүзгөн жерибиз жок» аттуу маалыматында президент Режеп Таййип Эрдогандын Сербиянын «Политика» гезитине маек куруп бергенин жазган. «Балкан өлкөлөрүндөгү тарыхый жана маданий байланыштарыбызга абдан маани бергенибиз сыяктуу Балкан өлкөлөрүнө карай саясаттарыбызды диндин негизинде жүргүзгөн жерибиз жок»,-деп айткан Эрдоган: «Балкандын кайсы жеринде болсо болсун бул аймактын бардык элдерин серб, бошняк, албан, хорват деп айырмалабастан кылымдар бою бирге жашаган, келечекте да бардык тармакта кызматташтыгыбыз боло турган досторубуз катары карайбыз»,деген серебин салганын баяндаган.

«Хабер түрк» гезити «Түркия Сириянын түндүгүндө коопсуз аймакты өзү курат» аттуу маалыматында Сириянын түндүгүндө коопсуз аймак түзүлүүсү багытында жаңы баскычка жетилгенин жазган. АКШ Түркиянын операциясына колдоо көрсөтпөй турганын жана кошулбай турганын жарыялады. Президент Режеп Таййип Эрдоган болсо операция боюнча чечкиндүүлүктү баса белгилеп: «Бир түнү капыстан кирип барабыз» деген белгини берди.

«Ватан» гезити «Түштүк Чыгышта мунай зат, Фракияда газ табылды» деген маалыматында энергетика жана жаратылыш ресурстары минстри Фатих Дөнмездин Түркиянын бир гана деңиздерде эмес кургактыкта дагы мунай зат жана газ изилдөөлөрүн ылдам жүргүзүп жатканын белгилегенин маалымдаган. Түштүк Чыгыш Анадолу аймагында мунай зат тапкандарын белгилеген министр Дөнмез, бул мунай заттын табылышын жакынкы убакта жарыялайбыз. Фракияда да газ таптык. Булардын сыноолору али бүтө элек болгондуктан жерлерин жарыялабайбыз, бирок булар кубандыруучу өнүгүүлөр»,-деди.

«Стар» гезити «Коргонуу жана авиация тармагынын экспорту 1,9 миллиард доллар болду» деген маалыматында Түркиянын коргонуу жана авиация сектору жылдын 9 айындагы экспортун 2018-жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 37,7 пайызга арттырганын жазган. Ушундайча сектор сөзү болгон мезгилде ишке ашырылган эң жогорку экспорт көрсөткүчүнө жеткен болду. Өткөн жылдын январь-сентябрь мезгилинде 1 миллиард 346 миллион 869 миң доллар болгон сектордун экспорту 1 миллиард 855 миллион 274 миң долларга жетти.

«Сабах» гезити «Этноспортко миллиондон ашуун катышуу» деген маалыматында Дүйнөлүк этноспорт конфедерациясы тарабынан Стамбулдагы «Ататүрк» аба майданында уюштурулган 4-Этноспорт маданият фестивалы келгендердин тыгыз кызыгуусун тартканын жазган. 4 күнгө созулган фестивалды орто эсеп менен 1 миллион 200 миң киши келип көрдү. Этноспорт фестивалында 12 талда салттык спорт менен катар Түрк маданиятынын маанилүү бөлүмү болгон тамактар, кол өнөрчүлүк жана балдардын оюндары келгендерге тартууланды.



Тектеш кабарлар