Түрк басма сөзү  04.10.2019

Бүгүн басмадан чыккан гезиттерден кыскача маалыматтар.

1281626
Түрк басма сөзү  04.10.2019

«Ватан» гезити «Эрдогандан этноспорт маданият фестивалы тууралуу маалымат» деген кабарында Президент Р. Т. Эрдогандын кечээ Стамбулда башталган жана жуманын акырына чейин улантыла турган 4 -  Этноспорт маданият фестивалы тууралуу твиттерден маалымат бергендигин жазган. Эрдоган маалыматында : «Салттуу спортторубуздун жана тектүү маданиятыбыздын  жашатылышы, келечектеги урпактарга жеткирүү сыяктуу абдан маанилүү милдетти аткарган 4 -  Этноспорт маданият фестивалында жакшылыктарды каалаймын»,- деди.

«Хүррийет» гезити «Түркиянын коопсуз аймак пландары даяр» деген кабарында улуттук коргоо министри Хулуси Акардын АКШнын коргоо министри Марк Эспер менен Сирияда коопсуз аймактын курулушу тууралуу телефон аркылуу сүйлөшкөндүгүн кабарлаган. Министр Акар Евфрат калканы операциясында ДЕАШ мүчөсү 3 миңден ашуун террористти жок кылган Түркиянын түштүгүндө террордук коридордун курулушуна уруксат бербей тургандыгын баса белгиледи. Акар сүйлөшүүдө Евфраттын чыгышында 30 километр ичкериде, чек ара боюнча оор куралдардан жана террористтерден тазаланган коопсуз аймак  -  тынчтык коридорунун курулушу жана алаксытуу, кечеңдетүү боло турган болсо бул иштердин акырына чыгарын жана Түркиянын бул иште абдан чечкиндүү экендигин Эсперге айтты.

«Хабер түрк» гезити «Түркия соода согуштарынан кирешелүү чыгышы мүмкүн» деген макаласында  казына жана финансы министри Берат Албайрактын экономикага байланыштуу маалыматтарды бергендигин жазган. Түркия  - АКШ соода карым  - катнаштарына токтолгон Албайрак : "Соода согуштарынан кирешелүү чыга ала турган өлкөбүз. АКШ эки өлкө карым  - катнаштарынын өнүктүрүлүшүн каалап жатат»,- деди. Түркия менен соода кылуунун башка өлкөлөрдө кызыкчылык жаратарын баса белгилеген Албайрак : «Түркия инвесторлор үчүн ыңгайлуу өлкө»,- деди.

«Стар» гезити «Түркия мурунку тең салмактуулукту бузуп жатат» деген маалыматында француз «Ле Монде» гезити Түркиянын эл аралык аренада  үнүн угуза алган жана мурунку тең салмактуулукту бузган өлкө экендигин жазганын билдирген. Анкаранын көп тараптуу тышкы саяат жүргүзгөндүгүнө көңүл бурган француз гезити анализде өз улуттук пайдалары үчүн керек болгондо күч колдонуусу, жаңы союздаштыктарды түзүшү жана глобалдык тартиптин иштешин талкууга ачышы менен мурунку тең салмактуулукту бузган өлкө экендигин баса белгиледи.  «Ле Монде» өзгөчө Түркиянын эми глобалдык аренада үнүн дагы көп угуза баштагандыгын жазган.

«Йени шафак» гезити «Жергиликтүү спутник Стамбулдун көрүнүшүн алды» деген кабарында 2012 -  жылы космоско учурулган ГӨКТҮРК  - 2 спутниги жерден 685 километр бийиктиктеги орбитасынан маалымат жиберүүнү улантып жаткандыгын билдирген. Каражаттарынын 80 пайызы, программасынын 100 пайызы түрк инженерлер тарабынан чыгарылгани спутник Стамбулдун көрүнүшүн тартты. Жогорку пикселдүү көрүнүштөрдү жибере алган спутник 90 минутада жердин тегерегин айланып чыга алат. Спутник 640 километрге жакын бир тилкенин көрүнүшүн бир жолу өтүшүндө тарта ала турганчалык жогорку ылдамдыкта маалыматтарды кабарлоо жөндөмдүүлүгүнө ээ.

 

 



Тектеш кабарлар