Түрк басма сөзү 27. 09.2019

Бүгүн басмадан чыккан гезиттерден кыскача маалыматтар.

1277318
Түрк басма сөзү 27. 09.2019

«Сабах» гезити «Эрдогандын БУУда сүйлөгөн сөздөрү Кападокия  асманында» деген кабарында Президент Р. Т. Эрдогандын БУУнун Башкы Ассамблеясында сүйлөгөн сөзүндө айткан «Дүйнө бештен чоң» жана «Түркия ислам үммөтүнүн үмүтү» деген сөздөрү жазылган плакат чет элдик туристтер көп барган Кападокияда шар менен асманда учканын жазган. Эрдогандын сөздөрү плакаттарга англис тилинде жазылып шарларга илинди.

«Йени шафак» гезити «Исламофобияга каршы телекөрсөтүү каналы курулат» деген макаласында Президент Р. Т. Эрдоган, Пакистандын премьер  - министри Имран Хан жана Малайзиянын премьер  - министри Махатир Мухаммеддин АКШнын Нью – Йорк шаарында жолугушкандыгын жазган. Имран Хан жолугушуудан кийин берген маалыматта : «Президент Эрдоган, Махатир Мухаммед жана мен өткөргөн жыйында үч өлкө катары биргелеше исламофобия ортого чыгарган кыйынчылыктар менен күрөшүү жана ыйык динибиз Ислам тууралуу жаңылыш билингендерди оңдоо үчүн англис тилинде бир канал курууга чечим чыгардык»,- деди.

«Хабер түрк» гезити «2611 чет элдик 1 жылда түрк жараны болду» аттуу макаласында түрк жарандыгы мыйзамынын ишке ашышына байланыштуу жобонун алмаштырылышынан бери өткөн бир жылдык убакытта АКШдан Орусияга, Канададан Доминик республикасына, Бразилиядан Коморлор Биримдигине чейин көп сандаган өлкөдөн 2 миң 611 чет элдик инвестор түрк жараны болуп, үй  - бүлөлөрү менен бирдикте түрк жараны болгон чет элдик инвесторлордун саны 9 миң 962ге жетти. Бул мезгилдеги кайрылуулардын саны 3 миң 859га жогорулады.

«Стар» гезити «АКШнын Түркия тууралуу артка кадам таштоосунун себеби» деген кабарында адистердин билдиргенине караганда АКШнын Ф  - 35 аскердик учак программасында артка кадам таштабаганынын себеби Түркия сыяктуу стратегиялык союздашын жоготуудан корккондугу деп билдирилди. АКШнын Жакынкы Чыгыштагы кызыкчылыктары үчүн Түркия менен жакшы карым  - катнашты улантууну каалагандыгын баса белгилеген адистер : «Түркия Сирияда Евфрат дарыясынын чыгышындагы аймактарда  коопсуздук аймагын түзүү тууралуу так  чечкиндүүлүктү көрсөтүүдө. Америкалыктар Түркиянын С  - 400 абадан коргонуу системасын сатып алышынын Ф  - 35тер үчүн коркунуч туудурбагандыгын билишет. Ушул себептен Анкара менен карым  - катнашта келишпестиктерди азайтуу аракетине кирип жатышат»,- деп билдиришти.

«Хүррийет» гезити «Гути Эрнандестен Стамбул тууралуу билдирүү» деген кабарында испаниялык футболчу Гути Эрнандес кечээ 5, 8 баллдык термелүү болгон Стамбулда элге билдирүү жөнөткөндүгүн жазган. Бир убак Бешикташта ойногон жана тренер болгон  дүйнөгө белгилүү футболчу Эрнандес твиттерден түрк жана испан тилинде : «Стамбул күчтүү бол» ,- деп жазган.



Тектеш кабарлар