Түрк басма сөзү-19.09.2019

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

1272523
Түрк басма сөзү-19.09.2019

«Сабах» гезити «Эрдоган; 2 аптада натыйжа ала албасак өз кадамыбызды таштайбыз» аттуу маалыматында президент Режеп Таййип Эрдогандын кечээ 2019-2020-жылдар аралыгында Жогорку билим берүүнүн окуу жылынын аземинде сүйлөгөн сөзүндө батыш өлкөлөрүнүн чынчыл болбогон мамилесинин себебинен бүдөмүккө учураган сирялык качкындар жана коопсуз аймак темасында «2 аптанын ичинде натыйжа чыкпаса өз кадамыбызды таштайбыз»,-деп айтканын баяндаган.

«Ватан» гезити «Министр Пекжандан Иран менен карым-катнаштар тууралуу маалымдоо» аттуу маалыматында соода министри Рухсар Пекжандын кечээ борбор калаа Анкарада Түркия-Иран Ишкердик форумунда сүйлөгөн сөзүндө Иран менен карым-катнаштардын иштиктүү жана иш дүйнөсүнүн жолун ача турган багытка бет алганын белгилеп, «Артыкчылыктуу соода келишимин дагы таасирдүү колдонуп соода көлмүн кайрадан ылдамдатууга чечкиндүүбүз»,-деп айтканын жазган.

«Йени шафак» гезити «Түркиянын 2023-жыл Өнөр жай жана технология стратегиясы жарыяланды» аттуу маалыматында өнөр жай жана тахнология министри Мустафа Варанктын кенчээ борбор шаар Анкарада өткөн Өнөр жай жана технология стратегиясын таанытуу жыйналышында улуттук кирешеде өндүрүш өнөр жайынын үлүшүн 2023-жылы 21 пайызга жеткирүүнү максаттагандарын билдиргенин маалымдаган. Варанк: «Түркиянын маанилүү технология тармактарында глобалдык өлчөмдө марка боло турган эң аз 23 акылдуу товар чыгарышын максаттап жатабыз. Максаттарыбызга жетиш үчүн өнөр жай стратегиябызда 5 негизги курам жана 23 астыңкы политиканы белгиледик»,-деди.

«Стар» гезити «Селчук Байрактар, Акынжынын алгачкы уча турган күнүн жарыялады» деген маалыматында Байкардын техникалык директору жана Түркиянын Технология командасы фондунун камкорчулар делегациясынын башчысы Селчук Байрактардын Түркиянын жергиликтүү жана улуттук чыгарылышы болгон чабуул коюучу учкучсуз учуучу учагы Акынжынын алгачкы учуусун октябрь айынын ичинде ишке ашырууну каалагандарын айтканын баяндаган.

«Хүррийет» гезити «Түрк аба жолдорунан Кытайдын Сиань шаарына каттам» аттуу маалыматында Түрк аба жолдорунун Акционердик өнөктөшү тарабынан Кытайдын Сиань шаарына пландаштырылган каттамдардын баштатылгандыгы билдирилгени маалымдалган. Түрк аба жолдорунун жаңы каттамга байланыштуу маалыматы, Коомчулукту маалыматтандыруу платформасында жарыяланды.Анда «Өнөктөшүбүз тарабынан Кытайдын Сиань шаарына пландаштырылган каттамдардын баштатылышына чечим чыгарылды»,-деп айтылды.



Тектеш кабарлар