Түрк басма сөзү-18.09.2019

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

1271922
Түрк басма сөзү-18.09.2019

«Стар» гезити «Эрдогандан Европа Биримдиги менен Визасыз тартип диалогу процесси жобосу» атуу маалыматында президент Режеп Таййип Эрдогандын «Европа Биримдиги менен Визасыз тартип диалогу процессине байланыштуу критерйлердин ишке ашырылышы боюнча иштерге ылдамдык берилишине карай жобо жарыялаганын жазган. Жободо, «Атуулдарыбыз үчүн Визасыз тартиптин алдыбыздагы процессте бүткөрүлүшүн камсыздоо менен Визасыз тартип жол картасына катталган критерийлердин камсыздалышы боюнча иштерге ылдамдык берилүүсү жана Европа Комиссиясы тарабынан шайкеш келгени тастыкталган критерийлерге карай иштердин туруктуулугунун камсыздалышы керек»,делди.

«Сабах» гезити «Тышкы иштер министрлигинен Грецияга катуу каршы чыгуу» аттуу маалыматында Түркиянын Тышкы иштер министрлиги Муратпаша Беледийе Спор-ПАОК гандбол беттешүүсүндө болгон желек кризиси үчүн айыптоо билдирүүсүн жарыялаганын маалымдаган. Билдирүүдө «2019-жылдын 13-сентябрында Салоникиде Муратпаша Беледийе Спор менен ПАОКтун ортосунда болгон гандбол беттешүсүндө келип чыккан окуя Грециядагы Түркияга каршы ашкере улутчул жана фанатик чөйрөлөрдүн ирээнжиткен жүзүн дагы бир жолу көрсөттү. Аянтта грек желеги илинип турганда түрк желегинин илинүүсүнө тоскоолдук кылынуусун эч качан кечирбейбиз. Грециянын тийиштүү органдарын дагы бир жол чет элдик душмандыгы жана зомбулукту жактаган тараптарды спорт иш-чараларына катыштырбоо үчүн керектүү чараларды көрүүгө чакырабыз»,делди.

«Йени шафак» гезити «Текнофест Стамбулда көргөзмөгө коюлган «Жезери» учкан машинага кызыгуу чоң» аттуу маалыматында улуттук мүмкүнчүлүктөр менен 9 ай сыяктуу кыска убакыттын ичинде бүткөрүлгөн учкан машина «Жезери» Текнофест Стамбул авиация, космос жана технология фестивалында көргөзмөгө коюлуп чоң кызыгуу тапканын маалымдаган. «Жезери» жүк ташуу жана шаардык транспорт үчүн колдонулат.

«Хабер түрк» гезити «Айдоочусуз унааларга эң көп кызыгууну Түркия көрсөтүүдө» аттуу маалыматында бухгалтерия,текшерүү, салык жана администрация кеңешчилиги тейлөөсүн кылган эл аралык фирма Deloitte жана Түркиянын автомобиль дистрибьюторлугу коому биргелешип жүргүзгөн эмгеги, айдоочусуз машинага кызыгуу Түркияда жогору болгонун белгилегенин жазган. Глобалдык жактан иликтенгенде автоматтык унааларга эң көп кызыгуу 67 пайыз менен Түркияда белгиленсе, андан кийин 54 пайыз менен Германия, 48 пайыз менен Англия жана 47 пайыз менен АКШ орун алган.

«Хүррийет» гезити «Сан 11 миллиондон ашты. Бардык убактардын рекордуна жетишилди» аттуу маалыматында деңиз, кум жана күнү менен сыйкырлаган, байыркы шаарлары менен тарыхка жол тарттырган, теңдешсиз булуңдары, үңкүрлөрү, капчыгай жана шаркыратмалары менен дүйнөнүн маанилүү туризм жерлеринен бири болгон Анталья, тартуучу борбор болуусун улантып жатканын маалымдаган. «Туризм борбору» деп мүнөздөлгөн Антальяга быйыл 1-январь-15-сентябрь мезгилинде келген чет элдик турист саны 11 миллион 636 миң 450гө жетти. Ушундайча 1 күндүк жана айлык жактан алып караганда келген турист санында бардык убактардын рекорддоруна жетишилген болду.



Тектеш кабарлар