Түрк басма сөзү 27.08.2019

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

1259191
Түрк басма сөзү 27.08.2019

 

«Хабер түрк» гезити: «Жакында кургактык бөлүктөрүбүз аймакка кирет» деген маалыматында президент Режеп Таййип Эрдоган террорго каршы өлкөнүн ичинде жана тышында ийгиликтүү операциялар жүргүзүлүп жатканын белгилегенин жазган. Сирияда Евфрат дарыясынын чыгышына байланыштуу алдыңкы максаттарынын дипломатия экенин баса белгилеген Эрдоган: «АКШ менен сүйлөшүүлөрдө натыйжа ала албасак өз пландарыбызды ишке ашырабыз. Куралдуу, куралсыз учкучсуз учактарыбыз, тик учарларыбыз аймакка кирди. Жакында кургактык бөлүктөрүбүздүн да аймакка кирүүсүн күтүп жатабыз»,-деди.

«Хүррийет» гезити: «Түркия эч качан артка кайтпайт» аттуу кабарында энергетика жана табигый ресурстар министри Фатих Дөнмез, Түркиянын Чыгыш Жер Ортолук деңиздеги укуктуу доосунан эч качан артка кайтпай турганын айтканын жазган. Түркиянын бургулоочу жана изилдөөчү кемелери менен аймакта экенин баса белгилеген Дөнмез: «Чыгыш Жер Ортолук деңиз жалпы Түркиянын маселеси болуп саналат. Улут катары кечээ бул жерде элек, бүгүн дагы бул жердебиз жана эртең дагы бул жерде болууну улантабыз»,-деди.

«Ватан» гезити: «Орусиядан экинчи С-400 батареясын алып келүү иши бүгүн башталууда» деген кабарында улуттук коргоо министри Хулиси Акар: «12-июлда С-400 абадан коргонуу системаларын толуктоо процессинин башталгандыгын, ушул алкакта ташуу иштеринин уланып жаткандыгын билдиргенин жазган. Акар: «Биринчи батарея келди. Экинчи батареянын алып келиниши үчүн да 27-авгуттан тарта ташуу иштери башталат. Максатыбыз өлкөбүздүн жана улутубуздун сырттан келе турчу ракеталык коркунучтарга каршы корголуусу»,-деди.

«Йени шафак» гезити «Ишеним индекси өстү, өнөр жай 76,6 пайыз болду» деген кабарында Түркиянын Борбордук банкы өнөр жайдагы толук кандуу иштөө көрсөткүчтөрүн жарыялаганын билдирген. Августта өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмү өткөн айга салыштырмалуу 0,4 пайыз өстү. Түркиянын статистика мекемеси болсо ишеним индекси көрсөткүчтөрүн жарыялады. Буга караганда тейлөө секторунун ишеним индекси августта  6,7 пайыз, чекене соода тармагынын ишеним индекси 5,1 пайыз, курулуш секторунун ишеним индекси да 6 пайыз өстү.

«Сабах» гезити: «Түрк командасынын ийгилиги» деген кабарында кыздар арасында волейбол боюнча Европа чемпионатынын «А» тайпасында мелдешке чыккан Түркия, Болгарияны 3-1 упай эсебинде жеңгенин билдирген. Анкара Аренадагы таймашта Түркия Болгарияны 3-1 эсебинде жеңди жана тайпадагы үчүнчү жеңишине жетишип эч утулбастан ойноп келе жатат. Түркиянын курамасы «А» тайпадагы төртүнчү мелдешинде шаршемби күнү саат 19.30да Франция менен беттешет.

 



Тектеш кабарлар