Түрк басма сөзү02.08.2019

Бүгүн басмадан чыккан гезиттерден кыскача маалыматтар.

1246834
Түрк басма сөзү02.08.2019

«Стар» гезити «Террордук уюм ПКК ичиндеги коркуу жана дүрбөлөң эң жогорку чегинде: оңой болсо кел өзүң жаса» деген макаласында түрк куралдуу күчтөрү жүргүзгөн «Чеңгел – 1» жана «Чеңгел- 2» операциялары жана жүргүзүлгөн ийгиликтүү аба операцияларынын натыйжасында ПКК/КЖК террордук уюмунун кыйын абалда экендиги жана бул абалдын террорист корбашысынын берген жолдомомлоруна чагылгандыгы белгилүү экендигин жазган. Уюм мүчөлөрү : «Отурган жериңен буйрук берүү оңой, келгилер силер аткаргыла көрөлү» деген жооптор менен корбашыларына каршы чыгып, уюмдун ичинде коркуу жана дүрбөлөң менен бирге логистикалык муктаждыктар да эң жогорку чегине жетти.

«Йени шафак» гезити «Жер каттоо жана кадастр башкы директорлугу 5 өлкөдө өкүлчүлүк ачууда» деген кабарында жер каттоо жана кадастр башкы директору Мехмет Зеки Адлы : «Франция, Бельгия жана араб өлкөлөрү да ичинде болгон 5 өлкөдө өкүлчүлүк ачабыз. Артта калган өлкөлөр тууралуу иштер да улантылууда. Эми турак жай алууну каалагандардын Түркияга келиши керек болбостон жашаган өлкөлөрүндө алуу- сатуу иштерин аткара алышат»,- деди.

«Сабах» гезити «Стамбул- Измир авто жолу 2 күндөн кийин ачылат» деген маалыматында Стамбул менен Измирдин ортосундагы сегиз жарым сааттык саякат убактысынын үч жарым саатка түшүрө турган Стамбул- Измир авто жолунун 192 километрдик бөлүгү президент Р. Т. Эрдоган тарабынан 4 -августта кызматка кирет.

«Ватан» гезити «Түрк ресторан директору кардардын өмүрүн куткарды» деген кабарында Британиянын борбор шаары Лондондо бир түрк ресторанынын директору Жем Жанполат кардардын тамагына тыгылган тамакты чыгарып өмүрүн куткаргандыгын жазган. Кардардын өмүрүн куткарган Жанполат Британия басма сөзүндө кенен орун алды.

«Хүррийет» гезити «акыркы 3 жылда келген турист саны 85 пайызга артты» деген маалыматында Кападокияга келген турист саны 2019 -жылдын биринчи алты айында акыркы 3 жылда 85 пайызга өсүп, 1 миллион 250 миңге жеткенин жазган. Кападокияга эң көп турист Азия өлкөлөрүнөн келип жылдын акырына чейин 3 миллион туристти тосуп алуу күтүлүүдө.



Тектеш кабарлар