Түрк басма сөзү  26.07.2019

Бүгүн басмадан чыккан гезиттерден кыскача маалыматтар.

1242969
Түрк басма сөзү  26.07.2019

«Хабер түрк» гезити «Командирлик деңгээлде Сирия операциясы сүйлөшүлдү» деген кабарында улуттук коргоо министри Хулуси Акардын АКШдан келген делегация менен өткөрүлгөн жолугушууга байланыштуу маалыматында Сирияда коопсуз аймак тууралуу : «Бардык көз караштарыбызды, сунуштарыбызды келген делегацияга билдирдик. Буларды иликтеп дароо жооп берүүлөрүн күтүп жатабыз. Кечиктүрүүгө чыдабай тургандыгыбызды, керек болсо инциатибибизди колонорубузду көптөгөн жолу баса белгиледик»,- дегенин жазган.

«Ватан» гезити «Түркия абадан коргонуусун бекемдеп жатат» деген маалыматында улуттук коргоо министрлигинин Орусиядан алынган С  - 400 абадан коргоо системаларынын биринчи группадагы материалдарынын тапшырылышынын кечээ аяктагандыгын билдиргенин жазган. С  - 400дөрдү жайгаштыруу иштеринин башталып жана улантылып жаткандыгын билдирген аскердик жетекчилер экинчи группадагы тапшыруунун да Анкарага жасаларын билдиришти. Жетекчилер Франция сунуш кылган бир SAMP-T батареясы жайгаштырыла турган аймак тууралуу : «Түштүк Чыгыш Анадолу аймагында чалгындоо иштери улантылууда. Түштүк чек араларыбызда болот»,- деп билдиришти.

«Стар» гезити «Ф  - 35 долбоорунда Түркиянын ролу : 900 башка бөлүкчө өндүрүүдө» деген макаласында түрк коргонуу өнөр жай фирмалары Орток чабуул коючу учак Ф  - 35 долбоорунда конкуренциялык баалар менен чыгымдарды түшүрүп жаткандыгын жазган. Учактын бортунан баштап мотору жана канатынан көптөгөн  тетиктерине чейин  түрк фирмалары тарабынан өндүрүлүүдө. Түркиянын  Ф  - 35 долбоорунан чыгарылышы учак башына чыгымы 7 – 8  миллион доллардан  10 миллион долларга чейин өсөт. Долбоордун негизинде Түркияга дагы көп иштин берилиши менен да учак тууралуу чыгымдар  7 – 8  миллион доллар дагы төмөндөтүлө алат.

«Йени шафак» гезити «Европа Биримдиги убадасында турган жок Түркия келишимди токтотту» деген кабарында 2014 -  жылы 1 -  октябрда ишке кирген жана мыйзам тышы жолдор менен Түркия аркылуу Европа Биримдиги өлкөлөрүнө кирген качкындардын Түркияга тапшырылышын күткөн Түркия  - Европа Биримдиги кайра кабыл алуу келишими Европа Биримдиги убадасында турбагандыктан токтотулду. Келишимдин токтотулгандыгын жарыялаган тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу : «Кайра кабыл алуу келишими жана виза эркиндиги бир убакта ишке кирет»,- деди. Келишимдин негизги максаты мыйзам тышы миграциянын алдын тосуу жана Европага качкындардын өтүшүн мыйзамдуу жолдор менен чектөө болгон.

«Хүррийет» гезити «Орусия жеке жана кызматтык парспорт үчүн визаларды жойот» деген кабарында Орусиянын президенти В. Путин жеке жана кызматтык паспортко ээ түрк жарандарынын Орусияга кириши үчүн виза жана милдеттендирүү шартынын болушун акырына чыгаргандыгын жазган. Путин кол койгон жарлыкка караганда 2015 -  жылы ноябрь айында виза режими киргизилген кээ бир түрк жарандарына карата чектөөлөр жоюлду.



Тектеш кабарлар