Түрк басма сөзү-25.07.2019

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

1242289
Түрк басма сөзү-25.07.2019

«Йени шафак» гезити «Эрдоган;Эч бир санкция коркутуусу Түркияны укуктуу доосунан баш тарттыра албайт» аттуу маалыматында президент Режеп Таййип Эрдогандын Түркиянын Чыгыш Жер Ортолук деңизде жана Сириянын түндүгүндө таштаган кадамдарынын, улуттун жана Кипр түрктөрүнүн укук, акы жана кызыкчылыктарын коргоо жагдайындагы сезимталдыктарын ачык ортого салганын көрсөткөнүн айтканын баяндаган. Жашыруун же ачык эч бир санкция коркутуусунун Түркияны укуктуу доосунан баш тарттыра албай турганын айткан Эрдоган, Түркия Республикасынын көз карандысыздыгына, тынчтыгына, атуулдарынын тынчтык жана коопсуздугуна карай ар түрдүү коркутууну четке кага турган күчкө жана чечкиндүүлүккө ээ болгонун баса белгиледи.

«Хабер түрк» гезити «Чавушоглу; Сирияда коопсуз аймак темасында эми чыдамыбыз калган жок» аттуу маалыматында Сирияда коопсуз аймак сүйлөшүүлөрү тууралуу маалымат берген тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглунун «АКШнын алып келген сунуштары канагаттандыраарлык эмес. Мунасага барышыбыз лазым, эми чыдамыбыз калган жок»,-деп айтканын баяндаган. Чавушоглу, коопсуз аймактын тереңдиги жана бул жерлердин кимдин текшере турганы жана жикчил террор уюму ЙПГ/ПККнын бул жерден чыгарылышы темасынын эң сезимтал тема болгонун белгиледи.

«Стар» гезити «Орусия, технология тармагында Түркия менен кызматташууга даяр» аттуу маалыматында Орусия Федерациясынын Санариптик өнүгүү, коммуникация жана массалык байланыш министринин орун басары Михаил Викторович Мамоновдун берген маалыматында Орусия менен Түркиянын бир топ маанилүү долбоорду ишке ашырганын белгилеп, санариптешүү тармагындагы кызматташтыктын болсо мунун артынан келгенин белгилегени орун алган. Мамонов: «Министрлигибиз быйыл бул боштукту чечкиндүү түрдө толтурат. Жакынкы келечекте акылдуу шаар технолгиялары жана кибердик коопсуздук тармактарында Түркия менен кызматташууну пландап жатабыз»,-деди.

«Ватан» гезити «Түрк агымында алгачкы газды ташуу үчүн орчундуу каалгадан өтүлдү» деген маалыматында Орусиянын газын Түркияга жеткире турган, бул жерден дагы Европага ташый турган Түрк агымы жаратылыш газ түтүк жолунун Кыркларели кабылдоо терминалындагы курулуш иштеринин 90 пайызы бүткөрүлгөнүн жазган. Түрк агымы долбоорунун максатталган операция тарыхы 2019-жылдын декабрында ишке кириши үчүн маанилүү бурулуш жерге жеткен болду. Долбоор ушундайча муундар бою Түркия жана Европанын энергетика коопсуздугун камсыздай турган Түркия-Орусия кызматташтыгын чыңдайт.

«Сабах» гезити «Түркиядан blockchain жүрүшү» аттуу маалыматында президенттик өкмөт системасынын алгачкы өнүгүү планы болгон жана 2019-2023-жылдарды камтыган Он биринчи өнүгүү планынын Түркия Улуу Улуттук Жыйынында (ТУУЖ) кабыл алынганын маалымдаган. Өлкөбүздүн 2023-жылга дейре экономикадан баштап бир топ тармакта жүргүзө турган саясаттарын камтыган планга караганда; алдыбыздагы мезгилде blockchainге  негизделген санариптик борбор банкынын акчасы жүгүртүүгө коюлат. Ишке ашырыла тунрган санариптик акча Түркияны тартуучу борборго айлантат.



Тектеш кабарлар