Түрк басма сөзү 24.07.2019

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

1241406
Түрк басма сөзү 24.07.2019

 

«Йени шафак» гезити «Тапшыруунун биринчи этабы ушул жумада аяктайт» деген маалыматында Орусиянын Аскердик-техникалык кызматташтык боюнча федералдык кызматынын башчысы Дмитрий Шугаев, Түркияга С-400 абадан коргонуу системаларын тапшыруу ишинин биринчи этабынын ушул жумада аяктай тургандыгын айтканын билдирген.

«Стар» гезити: «Зеленский түрк курулуш ишканаларын мактады» аттуу кабарында Украинанын президенти Владимир Зеленский түрк курулуш ишканаларынан мактоо менен сөз кылганын жазган. Текшерүү учурунда жол курулушундагы маселелерге токтолгон Зеленский: «Адаттагы компания менен, мисал үчүн түрк компаниясы менен иштесеңер болот. Алардан бул ишти сурагыла»,-деди.

«Хүррийет» гезити: «Түрк коргонуу ишканалары дүйнөлүк тизмеде» деген малыматында түрк ишканалары, дүйнөдөгү эң престиждүү 100 коргонуу өнөр жайы ишканасынын тизмесинде (Defense News Top 100) ордун бекемдегендерин билдирген. ASELSAN 52чи, STM 85чи, ROKETSAN 89чу орунга жогорулады. TUSAŞ 69чу орунду ээледи.

«Сабах» гезити: «Түркияда 6 айдын ичинде 6 миңден ашуун чет элдик ишкана курулду» атту кабарында Түркияда жылдын биринчи жарымында курулган чет элдик капиталдуу ишканалардын саны өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 6,86 пайыз өсүп 6 миң 179га жеткенин маалымдаган. Иран 33 ишкана менен биринчи орунда турат.

«Ватан» гезити бажы бекеттеринде «транспортту алдын ала каттоо» тартибинин негизинде ылдам өтүүлөр башталганын билдирген. Чет өлкөдөн Түркияга авто жол аркылуу келген жана интернеттен «транспортту алдын ала каттоо» тартиби аркылуу жолго чыга электе унааларын каттаткан жарандар, бажы бекеттеринде кезек күтпөстөн дагы ылдам өтүп жатышат.

 



Тектеш кабарлар