Түрк басма сөзү 23.072019

Бүгүн басмадан чыккан гезиттерден кыскача маалыматтар.

1240760
Түрк басма сөзү 23.072019

«Ватан» гезити «Борбор шаары Анкарада АКШ делегациясы менен жолугушуу» деген кабарында АКШнын Сирия атайын өкүлү Жеймс Жеффринин коштоосундагы делегациянын тышкы иштер министринин орун басары Седат Өнал жана тобу менен жолугушкандыгын жазган. Тышкы иштер министрлигинен берилген маалыматта : «Жыйында саясий процесс, Идлибдеги коопсуз аймак жана конституция комитетинин милдети сөз болду»,- деп билдирилди.

«Сабах» гезити «Чавушоглунан орчундуу Ф  - 35  жана С  - 400 билдирүүсү» деген макаласында тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглунун Түркиянын С  - 400 абадан коргонуу системасын алышынан улам АКШ чыгарган чыр  - чатактуу Ф  - 35 билдирүүсүнөн кийин кандай жолдун жүргүзүлөрүнө карата маалыматтарды бергендигин жазган. Министр Чавушоглу маалыматында : «С  - 400дөр үчүн башка жолдорду кандай издеген болсок жана эң акырында С  - 400 келишимин Орусия менен кандай түзгөн болсок, Түркия өзү өндүргөнгө чейин муктаждыктарын башка булактардан камсыз кылат жана бул анын укугу»,- деди.

«Йени шафак» гезити «С  - 400дөрдү биргеликте өндүрүү үчүн сүйлөшүүлөр улантылууда» деген кабарында Орусиянын мамлекеттик коргоо өнөр жай фирмасы Ростехтин төрагасы Сергей Чемезовдун С  - 400 абадан коргонуу системаларынын белгилүү бөлүкчөлөрүн лицензиялуу түрдө Түркияда өндүрүлүшүнө карата сүйлөшүүлөрдүн улантылып жаткандыгын билдиргенин жазган. «Атаандаштарыбыздын карым  - катнаштарыбызга карата кийлигишүүлөрүн ийгиликтүү ашып өтүүдөбүз»,- деген Чемезов : «Түркия менен авиация, тик учар өндүрүү жана энергетика тармактарында кызматташууну өнүктүрүүгө даярбыз»,- деди.

«Стар» гезити «Европа Биримдигине Түркия эскертүүсү : «теманын тышында каласыңар» деген кабарында Түркиянын досу, Швециянын мурунку премьер  - министри Карл Бильдттин Financial Times гезитине бир макала жазгандыгын билдирген. Бильдт Европа Биримдигинин Түркия менен карым – катнаштарды бузуу жана бир топ кыймылы менен багытынан чыккандыгын, жакында «теманын тышында калышы мүмкүн» экендигин жазган. Бильдт Европанын кайрадан өзүн иретке салышы керектигин айтып : «Качкындар кризисинде Түркия менен карым  - катнаштар тескери багытка карай кетти. Европа Биримдиги чоң күчтөр күрөшүп жаткан бул жаңы доордо олуттуу актер болууга  мажбур, болбосо теманын тышында калат же жаман нерселер болот»,- деди.

«Хүррийет» гезити «Түркиянын Триполи элчилигинен чыккандыгына байланыштуу айтылгандарды төгүнгө чыгаруу» деген макаласында Түркиянын Триполи элчилиги элчилик имаратынын бошотулгандыгы тууралуу айтылгандарды төгүнгө чыгаргандыгын жазган. Элчиликтин фейсбук эсебинен берилген жазуу түрүндөгү билдирүүдө элчиликтин бошотулгандыгы тууралуу негизсиз жана бир максатты көздөгөн кабарлардын орун алгандыгы билдирилди. Элчиликтин Триполидеги иштерин улантып жаткандыгы  жана Ливия калкы менен тилектештик ичинде экендиги билдирилди.



Тектеш кабарлар