Түрк басма сөзү 22.07.2019

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

1239849
Түрк басма сөзү 22.07.2019

 

«Стар» гезити президент Эрдоган Кипр билдирүүсүндө: «Керек болсо дагы ишке ашырабыз» дегенин жазган. Президент Режеп Таййип Эрдоган, Чыгыш Жер Ортолук деңиз чыңалуусунун көлөкөсүндө белгиленип жаткан Кипр Тынчтык кыймылынын жылдыгында дүйнөгө так билдирүү жарыялады. Эрдоган: «Тынчтык кыймылын Түркия Республикасы Кипр аралынын ээлеринин бири болгон Кипр түрк элинин укук жана кызыкчылыктарын коргоо максатында ишке ашырды. Түрк армиясы, Кипр түркүнүн жан-коопсуздугу сөз болгондо, 45 жыл мурунку кадамды азыр деле эч тайсалдабастан аткара алат»,-деди.

«Йени шафак» гезити Фуат Октайдын: «Чыгыш Жер Ортолук деңиздеги иштерибизди чечкиндүүлүк менен улантабыз» дегенин билдирген. Вице-президент Фуат Октай, Чыгыш Жер Ортолук деңизде болуп жаткан энергетика кризисине байланыштуу: «Түркияны Анталья булуңу менен чектеп коюуну каалагандар билип коюшсун, жээк сууларында издөө жана чыгаруу иштерибизди чечкиндүүлүк менен улантабыз»,-деди. Улуттук максаттардан улам Чыгыш Жер Ортолук деңизге барган изилдөө кемелери жана бургулоочу платформалардын ар тараптуу корголгондугун белгилеген Октай: «Түрк деңизчилери, Эгейде жана Чыгыш Жер Ортолук деңизде өлкөбүздүн жана кипрдик түрктөрдүн укуктарынын ишеними, тынчтык жана коопсуздуктун кепилдиги болуп саналат»,-деп айтты.

«Хүррийет» гезити: «Экономикада миллиард долларлык дипломатия» деген маалыматында Президенттик аппараттын Каржылык кызматы, Стамбулдун эл аралык финансылык борбор болуусу үчүн дүйнөдөгү инвестор потенциалы эң жогору өлкөлөрдө сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатканын билдирген. Каржылык кызматы Гонг-Конг, Пекин жана Шанхайда жогорку деңгээлдеги сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Азия базар экономикалары менен жүргүзүлгөн сүйлөшүүлөрдүн Лондон жана Нью-Йорк сыяктуу берки борборлор менен да өткөрүлүүсү пландалып жатат.

«Хабер түрк» гезити «Ушундай улана турган болсо Антальяда 16 миллион турист максатынан ашып кетет» аттуу кабарында дүйнөнүн көптөгөн өлкөсүнөн конокторду тосуп алган Антальяга быйыл ушул күнгө чейин 6 миллион 914 миң 909 чет элдик турист келгенин маалымдаган.

«Ватан» гезити «Миңдеген адам Босфордо сүздү» деген кабарында Стамбул кысыгында Континенттер аралык сууда сүзүү жарышынын 31чиси өткөрүлгөнүн билдирген. Түркиянын жана Стамбулдун таанылышына 30 жылдан бери салым кошуп келе жаткан жана «Дүйнөдөгү эң мыкты сууда сүзүү иш-чарасы» деп тандалган жарышта 59 өлкөдөн жергиликтүү жана чет элдик 2 миң 400 киши сууда сүздү.

 



Тектеш кабарлар