Түрк басма сөзү 12.07.2019

Бүгүн басмадан чыккан гезиттерден кыскача маалыматтар.

1234756
Түрк басма сөзү 12.07.2019

«Стар» гезити «Эрдогандан Сребреница билдирүүсү» деген кабарында президент Р. Т. Эрдогандын Босния Герцеговинанын чыгышындагы Сребреницада 1995 -  жылы болгон кыргындын 24 жылдыгынан улам кечээ твиттер эсебинен билдирүү жарыялагандыгын жазган. Эрдоган билдирүүсүндө : «Европанын көз алдында болгон жана 8 миң 372 күнөөсүз киши каза болгон Сребреница кыргыны тарыхта эч качан унутулбайт. 24 жылдыгында Сребреница кыргынында шейит болгон босниялык боордошторум үчүн Балкан калкына көңүл айтам»,- деди.

«Хүррийет» гезити «Түркиядан Кытайга алча экспорту» деген маалыматында Түркия тарыхында биринчи жолу алча экспортунун визасын алган Кытайга 1 миллион 380 миң долларлык алча экспорттогондугун жазган. Гонконгго болсо 76 пайыздык өсүү менен 3 миллион 357 миң долларлык түрк алчасы жиберилди.

«Сабах» гезити «Эсенбога аэропорту алты айда жети миллион жүргүнчүнү тейледи» деген кабарында Анкара Эсенбога аэропортунда өткөн айда 1 миллион 180 миң, алты айда болсо 7 миллионго жакын жүргүнчүнү тейлегинин жазган.

«Йени шафак» гезити «Экспорт артышынын чемпиону коргонуу жана авиация сектору болду» деген макаласында коргонуу жана авиация сектору бул жылдын биринчи жарымында экспортун 2018 -  жылдын ошол эле мезгилине караганда 41, 4 пайызга арттырып 1, 3 миллирд долларга чыгаргандыгын жазган. Коргоо жана авиация экспортун 17, 8 пайызга арттырган АКШ 403 миллион 583 миң доллар менен сектордун тышка сатуусунда биринчи орунду алды.

«Хабер түрк» гезити «Жейсон Деруло Анталияда концерт берди» деген кабарында америкалык ырчы, актер Жейсон Деруло Анталияда күйөрмандары менен жолугушкандыгын жазган. Деруло Regnum Live in Concert 2019дун негизинде Regnum Caryaнын концерттик аянтында музыка сүйүүчүлөр менен жолугушту. Жергиликтүү жана чет элдик көп сандаган турист көргөн концертте жаш ырчы Дерулонун ырларын музыка сүйүүчүлөр да коштоду.



Тектеш кабарлар