Түрк басма сөзү  10.07.2019

Бүгүн басмадан чыккан гезиттерден кыскача маалыматтар.

1233360
Түрк басма сөзү  10.07.2019

«Хүррийет» гезити «Президент Эрдоган Сараеводон маанилүү кабар берди» деген макаласында  президент Р. Т. Эрдогандын Босния Герцеговинада сүйлөгөн сөзүндө : «Европа Биримдиги өлкөлөрү качкындар квотасы тууралуу келише албастан, Түркия 4 миллиондон ашуун качкынга үй ээлик кылууда»,- дегенин жазган. Европа континентинин баарынын коопсуздугуна чоң салым кошкондорун белгилеген Эрдоган : «Бирок бул кыйын процессте европалык досторубуздан күткөн колдоону жана адамдык мамилени көрө албадык. Сириялык качкындар үчүн жумшоо үчүн өлкөбүзгө берилген убадалар орундатылган жок»,- деди.

«Сабах» гезити «Түркия дүйнөнүн логистикалык базасы болот» деген маалыматында Азия жана Европанын ортосунда кайрадан жандандырууга аракет кылынган Заманбап Жибек Жолунун кесилиш жеринде орун алган Түркия Кытайдан Британияга созулган темир жол долбоорунун негизинде 21  логистикалык борбор куруп жаткандыгын жазган. Тогузу бүткөрүлгөн борборлор күнүмдүк 2 миллиард долларлык товар өткөрүү базасы болот.

«Ватан» гезити «Сан ариптик Борбордук банктын акчасы ишке ашырыла баштайт» деген кабарында Он биринчи Өнүгүү Планына караганда Түркияда юридикалык түзүмү күчтүү финансылык сектордун түзүлүшү үчүн каражат түрдүүлүгүнө барылары билдирилген.

«Стар» гезити «Түрк илимпозу жүз таануу системасы менен Чоң жыйырмалар жана БУУга чейин  жетти» деген кабарында түрк илимпозу доцент доктор Сади Вурал чыгарган, 30 өлкөдө колдонулган жүз таануу системасы Аргентинада өткөн жылы уюштурулган Чоң жыйырмалардын лидерлер саммитинде биринчи жолу мамлекет башчыларынын окшошторунун бар же жок экендигин белгилөө максатында колдонулгандыгын жазган. Системадан БУУнун чек ара коопсуздук иштеринде да колдонулду.

«Йени шафак» гезити  «Өнөр качкындарга жарык чачат» деген деген кабарында Стамбул «1 -  Эл аралык өнөр цивилизациялардын жарыгы» аттуу фестивалды өткөрүп жаткандыгын жазган. Бул жылы биринчи жолу өткөрүлгөн фестивалга Жакынкы Чыгыш аймагы жана 25 башка өлкөдөн 250 өнөрпоз катышууда. Фестивалдан алынган бардык киреше сириялык качкындарга жумашалат.



Тектеш кабарлар