Түрк басма сөзү 02.07.2019

Бүгүн басмадан чыккан гезиттерден кыскача маалыматтар.

1228693
Түрк басма сөзү 02.07.2019

«Йени шафак» гезити «Алты жараныбыз куткарылды» деген макаласында Ливияда Хафтер күчтөрү колго түшүргөн алты түрк жаранынын куткарылгандыгын жазган. Алынган маалыматка караганда алты түрк моряктын кеменин ээси тарабынан коопсуздук күчтөрүнөн алынып кайрадан кемеге алып барылды.

Түрк жарандарынын колго түшүрүлүшүнө тышкы иштер министрлиги катуу каршылык көрсөткөн.

«Стар» гезити «ТАНАП Европага газ берүү үчүн даяр» деген кабарында Түштүк Газ Коридорунун эң узун алкагы болгон Транс Анадолу Жаратылыш Газ Түтүк Жолунун 1 -  июлдан баштап Азербайжан газын Европага өткөрө ала турган абалга келгендигин жазган. Түркия  - Греция чек арасында Транс Адриятика Жаратылыш Газ Түтүк Жолу ТАПтын  бүткөрүлүшүнөн кийин Азербайжан газы келерки жылдан баштап Европа базарына чыгарылат.

«Стар» гезити «30 өлкөнүн күнү Анталияда чыкты» деген кабарында Түркиянын күн энергиясы панелин өндүрүүдө базар лидери болгон CW энергия, 30 өлкөгө экспорттолууда. CW энергиянын башкы директору Волкан Йылмаз  : «Түркия менен Европадагы лидерлигибизди дүйнөгө алып чыгабыз»,- деди.

«Хүрррийет» гезити Эдирнеде мейманканаларда орун калган жок» деген макаласында 658 жылдан бери үзгүлтүксүз улантылып жаткан тарыхый Кыркпынар майлуу күрөштөрүнөн мурда Эдирнеде мейманканалардын толуп ташкандыгы билдирилген. Көптөгөн айлар мурда жасалган резервациялар менен мейманканаларда орундук калбаган шаардын калкынын санынчалык конок шаарга келди. Эдирнелик жарандар келген конокторго үйлөрүн ачууга даярданууда.

«Хабер түрк» гезити «Коноктордун агымына учурады» деген кабарында Анталия менен Мугланы бири биринен бөлүп турган дүйнөнүн эң чоң капчыгайларынан Саклыкентке көп сандаган туристтин келгендигин жазган. 18 чакырымдык  капчыгай, 200 метр бийиктикте болгон тик эңиштердин арасында суу өткөөлдөрү жана кыйын жолдору менен ышкыбоздор тандаган жерлердин бири катары алдыга чыгууда. Капчыгайды көрүүгө келген жергиликтүү жана чет элдик туристтер түрдүү иш чараларга катыша алышат.



Тектеш кабарлар