Түрк басма сөзү 28.06.2019

Бүгүн басмадан чыккан гезиттерден кыскача маалыматтар.

1226777
Түрк басма сөзү 28.06.2019

«Ватан» гезити «Президент Эрдоган : зулум көргөндөргө жардам берүүнү улантабыз» деген макаласында президент Р. Т. Эрдоганга Японияда Мукогава аялдар университетинде «Ардактуу доктор» наамы берилгендигин жазган. Аземде сөз сүйлөгөн Эрдоган : «Шарттар эмне болсо болсун Түркия катары этникалык күбөлүгүнө, ишеничине карабастан зулумчулук көргөндөргө ээ чыгууну улантабыз. Адамзаттыктын абийири болобуз»,- деди.

«Сабах» гезити «Улуттук коргоо министри Акардан абдан маанилүү Ф  - 35 эскертүүсү» деген макаласында улуттук коргоо министри Хулуси Акар АКШнын Сирия атайын өкүлү Жеймс Жеффри менен жолугушкандан кийин бул өлкө менен болуп жаткан Ф  - 35 учагы боюнча араздашуу тууралуу : «Бири бирине сый көрсөткөн жана достукка таянган мамилени күтүп жатабыз. Бул тууралуу алдыга жылуу үчүн иштөөнү улантарыбызды жана ылайыктуу чечүүчү жолду табарыбызыды ойлоп жатам. Ф  - 35 учагын Түркияга бербегенге аракет кылуу НАТОнун да коргонуусун жана баш тарттыруучулугуна олуттуу түрдө таасирин тийгизет»,- деди.

«Йени шафак» гезити «АКШ – Кытай соода согушу түрк алчасынын ишине жарашы мүмкүн» деген макаласында Кытайга алча экспорттоонун алдындагы эң чоң бөгөттөрдөн «продукциянын 16 күн суук абада күтүшү керек» шартынын жоюлушу, Түркиянын Ыракы Чыгыш өлкөлөрүнө алча экспортуна чоң салым кошорун жазган. Улудаг мөмө жана жашылча экспортчулар биримдигинин төрага орун басары Сених Язган шарттын жоюлушу менен Кытайга алча экспортунун маанилүү катнашта артарын баса белгиледи.

«Стар» гезити «Стамбул аэропорту жылдын аэропорту болууга талапкер» деген кабарында Стамбул аэропорту International Airport Review журналы берген 'Readers Choice 2019' сыйлыктарында «жылдын аэропорту» категориясы үчүн тандалган 10 аэропорттун арасына киргендигин жазган.

«Хүррийет» гезити «2019 -  жылдын мыкты ресторандары белгилүү болду! Түркиядан эки жер тизмеде» деген макаласында Дүйнөнүн мыкты 50 ресторандары тарабынан  2019 -  жылдын мыкты ресторандары тандалганын жазган. Тизмеге Түркиядан да эки ресторан кирди.



Тектеш кабарлар