Түрк басма сөзү-19.06.2019

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

1221145
Түрк басма сөзү-19.06.2019

«Хабер түрк» гезити «Түркиянын АКШга F-35 жообу» аттуу маалыматында улуттук коргоо министри Хулуси Акардын АКШнын коргоо министринин милдетин аткаруучу өкүлү Патрик Шанахандын Орусиядан Түркия сатып алган С-400 ракеталык коргонуу системасы тууралуу катына жооп жөнөткөнүн маалымдаган. Улуттук коргоо министрлигинин жарыясында, «Катта шериктештик рухуна ылайык болбогон ыкма жана мамилесинен келип чыккан тынчсыздануу кайрадан баса белгиленип, белгилүү көз караштарыбыз жана сунуштарыбыз кеңири түрдө айтылды. Эки тараптуу урмат-сый жана достукка таянган түрдө диалогдун улантылышынын жана маселелерге ылайыктуу чечүүчү жол табылышына карай иштер улана турганынын мааниси айтылды»,делди.

«Сабах» гезити «Түркиянын төрт тарабында Мухаммед Мурси үчүн гыйабы (алыстан) жаназа намазы окулду» аттуу маалыматында төңкөрүшчүл Сиси бийлиги тарабынан жоопко тартылган Сот залында мурдагы күнү каза болгон Египеттин мурдагы президенти Мухаммед Мурси үчүн Түркиянын чар тарабында гыйабы (алыстан) жаназа намазы окулганын жазган. Жаназа намаздары менен катар төңкөрүш менен бийликке келип шайланган президент Мухаммед Мурсинин абакка жаткырылышына себеп болгон Сиси жана башкаруусуна да нааразылык билдирүү үндөрү бийик чыгып турду.

«Стар» гезити «Явуз эртең бургулоого узатылат» аттуу маалыматында энергетика жана жаратылыш ресурстары министри Фатих Дөнмездин «Явуз» бургулоо кемесинин эртең Түндүк Кипр Түрк Республикасына (ТКТР) жөнөтүлө турганын билдиргенин маалымдаган. Дөнмез: «Явуз бургулоо кемебиз июлдун баштарында ТКТРнан уруксат алынган аянтта алгачкы бургулоолорун баштаган болот»,-деди.

«Йени шафак» гезити «Түркия геотермалдык энергия жаатында көлөмдү арттыруу боюнча дүйнө биринчиси» деген маалыматында Түркиянын геотермалдык энергия жаатында курулган көлөмү өткөн жылы мурдагы жылга салыштырмалуу орто эсеп менен 21 пайызга өсүп 1282 мегаваттка жогорулаганын жазган. Ушундайча дүйнөдө 219 мегаватт менен геотермалдык энергия жаатында эң көп көлөмүн арттырган өлкө Түркия болду.

«Ватан» гезити «Түркия, ЕБ менен 827,7 миллион евролук соода ашыкчасына ээ болду» деген маалыматында Түркиянын апрель айында Европа Биримдиги менен 827,7 миллион евро соода ашыкчасына ээ болгонун жазган. Европанын Статистика кеңсеси (Eurostat) ЕБ жана Евро аймагынын апрель айында эл аралык соода көрсөткүчтөрүн жарыялады. Буга караганда апрель айында Түркия, ЕБне 6894,8 миллион евролук экспорт жасады. ЕБнен 6 миллиард 67,1 миллион евролук экспортту ишке ашырган Түркия, апрель айында 827,7 миллион евро соода ашыкчасына ээ болду.



Тектеш кабарлар