Түрк басма сөзү-12.06.2019

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

1217229
Түрк басма сөзү-12.06.2019

«Стар» гезити «Орусиядан акыркы жаңылык; Түркияга С-400 сатуудан тайсалдоо болбойт» аттуу маалыматында Орусиянын тышкы иштер министринин орун басары Сергей Рябковдун АКШнын таштаган кадамдарына каршы Анкара жана Москванын ортосунда жетишилген келишим боюнча бардык жоопкерчиликтердин убагында жана кандайдыр бир тайсалдоо болбостон орундатыла турганын айтканын маалымдаган.

«Сабах» гезити «Германиядан Түркияга мактоо» аттуу маалыматында Германиянын экономика жана энергетика министринин орун басары Томас Барейстын, «Түркия менен Германиянын энергетика, транспорт жана туризм тармагындагы кызматташтыгынын эбегейсиз потенциалы бар» экенин айтканын баяндаган.

«Ватан» гезити «Стамбулда өндүрүп дүйнөгө саттык» деген маалыматында Стамбулда орун алган экспортчулардын январь-май мезгилинде текстилден даяр кийимге чейин, автомобилден жашылча-жемишке чейин, кооздук буюмдарынан коргонууга чейин 27 башка сектордо өндүргөн 29,8 миллиард доллардык товарды дүйнөнүн 227 жерине жеткиргендерин маалымдаган.

«Хабер түрк» гезити «Орус туристтердин жайкы сезон тандоосу кайра эле Түркия болду» аттуу маалыматында орус туристтердин жайкы эс алууларын тандоосунда кайра эле Түркияны көрсөткөнүн белгилеген. Үстүбүздөгү жылдын алгачкы 5 айында Түркияга келген орус труист саны Эстониянын 1 миллион 300 миң кишилик калкынын санына жакындады. Жооптуу кызматкерлер быйыл 6 миллиондон ашык орус туристтин Түркияга келишин күткөндөрүн маалымдаган.

«Хүррийет» гезити «Миңдеген киши келди! Дөөдөй кемелер жанашты» деген маалыматында Айдындын Кушадасы районуна якорун таштаган 4 крейсерден 4 миң 800 турист менен 2 миң 370 экипаж шаарга киргенин жазган. Кемелерден түшкөн көпчүлүгү америкалык жүргүнчүлөрдөн айрымдары автобустар менен Эфес жана Мариям Ана туруна чыгышты. Тур программасына катышпаган жүргүнчүлөрдөн көпчүлүгү райондун борборуна бет алышты.



Тектеш кабарлар