Түрк басма сөзү 11.06.2019

Бүгүн басмадан чыккан гезиттерден кыскача маалыматтар.

1216415
Түрк басма сөзү 11.06.2019

«Йени шафак» гезити «Чыгыш Жер Ортолук деңизде күч көрсөтүү» деген макаласында Түрк куралдуу күчтөрүнүн Түндүк Кипр Түрк Республикасы менен биргеликте аткарган Изилдөө куткаруу машыгуусу башталгандыгын жазган. Бейшемби күнү аяктай турган машыгууга Кипр Түрк Күчү Чыгыш Жер Ортолук деңизинде күч көрсөтөт. Машыгууга Түркиянын аймактагы укук жана кызыкчылыктарынын сакталышында  кызмат кылууга даяр экендиги дагы бир жолу баса белгиленет.

«Хүррийет» гезити «Балтика жана эл аралык деңиз кеңеши BIMCOнун төрайымдыгына эколог түрк аял шайланды» деген маалыматында президент Р. Т. Эрдогандын жубайы Эмине Эрдоган Шадан Каптаноглунун дүйнөлүк кемелердин алгачкы аял төрайымы болушунан кубанычтуу экендигин айтканын жазган.

Стамбулда экология жана шаар пландоо министрлиги тарабынан жүргүзүлгөн «Таштандысыз көгүлтүр долбоорун» таанытуу жыйынына катышкан Эмине Эрдоган : «Балтика  жана эл аралык деңизчилик кеңеши BIMCOнун башына эколог бир түрк аялдын келиши баарыбыз үчүн сыймыктандыруучу абал»,- деди.

«Хабер түрк» гезити  «Медицинанын престиждүү сыйлыгы Политцерди доктор Эмре Ожак алды» деген кабарында угуу жөндөмдүүлүгүнүн жоголушу жана кулактагы үндөр сыяктуу  темалар башта болгон стандарттарды белгилеген бир мекеме болгон Политцер коому жалпы дүйнөдө  кулак изилдөөлөр жактан эң престиждүү сыйлык болгон Политцер сыйлыгын бул жылы Анкара университетинин  кулак  - мурун – тамак жана баш – моюн хирургиясы тармагында доктор Эмре  Ожакка берилгендигин маалымдаган. Доктор Ожак «Ички кулакка нано бөлүкчөлөр аркылуу дары берүү» деген эмгеги менен бул сыйлыкка ылайык көрүлдү. Бул эмгектен алынган жыйынтыктар өзгөчө ички кулактан улам угуу жөндөмдүүлүгүн жоготуу жана бир топ тең салмактуулукту бузган оорулардын дарыланышына жол ачат.

«Стар» гезити «Түрк аба жолдору учкуч болууну каалагандарды күтүп жаткандыгын жарыялады» деген кабарында Стамбул аэропорту менен бирге флоту жана учкан жер саны көбөйө турган түрк аба жолдору учкуч муктаждыгын камсыз кылуу үчүн өз учкучун жетиштирүүнү да ылдамдаткандыгын жазган. Түрк аба жолдору учкуч болууну каалаган миңдеген университет бүтүрүүчүлөрүнүн бир канча убакыттан бери күтүп жаткандыгын жана экинчи учкуч талапкерлеринин алынышын жарыялады. Жарыя 2019 -  жылдын 29 -  август саат 15:00гө чейин  улантылат.

«Ватан» гезити «Британия королдук үй  - бөлөсүнүн дасторконунда Инегөл алчасы» деген  кабарында Бурсада Инегөл районунда өстүрүлгөн Наполеон алчасы үчүн түшүм жыйыноонун учуру келгендигин, бул жылы 3 миң тонна алчанын Британия, Орусия, Германия жана Украинага экспорттолорун жазган. Алчадан Британия королдук үй  - бүлөсүнө да жиберилди. Өткөн жылы Инегөл аймагынан 800 тоннага жакын алча экспорттолгон.



Тектеш кабарлар