Түрк басма сөзү  31.05.2019

Бүгүн басмадан чыккан гезиттерден кыскача маалыматтар.

1211916
Түрк басма сөзү  31.05.2019

«Хүррийет» гезити «Малайзия менен Пакистан Түркия үчүн ачкыч мааниде өнөктөш» деген кабарында тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглунун Сауд Арабиянын Жидда шаарында кечээ өткөрүлгөн Түркия  - Малайзия -  Пакистан үч тараптуу тышкы иштер министрлеринин жыйынына катышканын жазган. Чавушоглу Малайзия жана Пакистандын Түркия үчүн ачкыч мааниде өнөктөш экендерин белгилеп : «Ислам дүйнөсүнүн чоң демократиялары жана экономикалары катары кызматташуубузду дагы да күчтөнтөбүз жана орток потенциалыбызды дагы жакшы колдонобуз»,- деди.

«Хабер түрк» гезити «Түркия 57 өлкөгө помидор экспорттоду» деген маалыматында Түркиядан биринчи беш айда 57 өлкөгө 163 миллион долларлык помидор экспорттолгондугун жана  экспортто биринчи орунду 62 миллион доллар менен Орусиянын алгандыгын жазган.

«Сабах» гезити «Кытай аба жолдорунан Стамбул аэропортуна чоң кызыгуу» деген кабарында China Southern аба жолдору Кытайдын Вухан шаарынан Стамбулга тарифтүү каттамдардын башлагандыгын билдирген. Бир топ чет элдик аба жолу фирасы каттамдарын баштагын Стамбул аэропортуна Вухандан биринчи тарифтүү каттам аткарылды. Ушундайча борбору Гуангжоу болгон аба жолу фирмасы Вухандан Стамбулга жумасына 3 жыштыкта учууларды баштаган болду.

«Стар» гезити «Биринчи жолу Түркияда. Дүйнөдө 30 даана гана калды» деген кабарында дүйнөдө 30 даана гана калган ак арстан түрүнөн эки эркек жана эки ургаачы ак асртан кечээ Стамбулдун Тузла районундагы Арстан паркка алып келингендигин билдирген.

Чехиядан Түркияга алып келинген 4 ак арстан келген конокторго көрсөтүлө баштады. жаштары 2, 5 жана 3 жаш арасында болгон арстандар 130 – 150  килограммдык салмакта.

«Ватан» гезити «Жан Өнжү Италияда аянтка чыгат» деген макаласында улуттук мотоциклист Жан Өнжү Мото 3  дүйнөлүк чемпиондугунун алтынчы бөлүгүндө Италияда аянтка чыгарын жазган. Жарыш 2 -  июнь жекшемби күнү Түркия убактысы боюнча саат 12:00дө башталат жана жарыш Мугелло аянтында өткөрүлөт.

 

 

 

 



Тектеш кабарлар