Түрк басма сөзү  24.05.2019

Бүгүн басмадан чыккан гезиттерден кыскача маалыматтар.

1207568
Түрк басма сөзү  24.05.2019

«Сабах» гезити «1, 2 миллион университет студентине жайкы иш» деген макаласында президент Р. Т. Эрдоган билдирген Социалдык эмгек программасы менен Стамбулда 51 университетте билим алган 1 миллион 252 миң студенттин да иш мүмкүнчүлүгүнө жетишип жаткандыгын жазган. Үч ай социалдык иштерде иштеген жаштар 2 миң 200 лира алып, биринчи жолу камсыздандырылган болот. Жаштар жашаган шаарларда кары  - картаңдарды карап, социалдык тейлөө, машыктыруучу сыяктуу иштерде иштешет. Стамбул мэриясында калбына келтирүү, туризм, социалдык долбоорлор, маданий тармактарда да 50 миң жашка толук эмес убакытты талап кылган жумуш менен иштөө мүмкүнчүлүгү түзүлөт.

«Стар» гезити «Өнөр жайчыга 30 миллиард лиралык колдоо» деген кабарында казына жана финансы министри Берат Албайрак бул жылдын акырына чейин өнөр жайчыга 30 миллиардга жакын финансылык жардам берилерин билдиргенин жазган.

«Хабер түрк» гезити «Скода профсоюзу: VW заводу Түркия же Болгарияда болот» деген кабарында Скода профсоюзу тарабынан берилген маалымтта Volkswagen заводунун Түркия же Болгарияда болошу мүмкүн экенин белгилегендигин жазган. Болгариянын ырааттуу саясий чөйрөсү жана Европа Биримдигине мүчөлүгү алдыга чыгарылса, Түркиянын автомобиль индустриясындагы мыкты базисине көңүл бурулду.

«Ватан» гезити «Turkish Cargo биринчи чейректе өстү» деген кабарында Turkish Cargo 2019 -  жылдын биринчи чейрегинде глобалдык аба жүк ташуу базарында  болгон 3, 1 пайыздык тараюга карабастан өсүүнү уланткандыгын жазган. Turkish Cargo World Air Cargo Dataнын маалыматтарына караганда сатылган жүктүн тоннасында өткөн жылдын ушул эле мезгилине караганда 11, 6 пайыздык артуу менен өсүүнү улантканы билдирилген. Cargo World Air Cargo Dataнын биринчи чейректе аймактык маалыматтарына караганда Turkish Cargo негизги өсүүнү Азия жана Америка базарында жашады.

«Йени шафак» гезити «Сүмеланын каалгалары кайрадан ачылууда» деген макаласында рестоврация иштерин ылдамдаткан Трабзондогу Сүмела манастырына 4 жылдан кийин кайрадан зыяратчылардын кабыл алына баштай тургандыгын жазган. Зыяратчылар манастыр ичиндеги биринчи короого чейинки биринчи бөлүгүн 25 -  май ишемби күндөн баштап кыдыра алышат. Сүмела манастыры жана комплексинде жүргүзүлүп жаткан бардык иштер бүткөндөн кийин манастырдын ЮНЕСКОнун дүйнөлүк мурасынын тизмесинде ордун алышына карата иштер башталат.

 

 

 



Тектеш кабарлар