Түрк басма сөзү-22.05.2019

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

1206008
Түрк басма сөзү-22.05.2019

«Хүррийет» гезити «Сабиха Гөкченде тышкы каттамдан учуучу жерлердин саны 128ге жетет» аттуу маалыматында Стамбулдагы эл аралык «Сабиха Гөкчен» аэропортунда (İSG) бул жайда ачыла турган 7 жаңы каттам менен учулган жер саны 128ге жетет. Пегасус аба жолдору, 28-майдан тарта Сауд Арабиянын борбор шаары Риядга аптанын ар бир күнүндө эки тараптуу, 29-июндан тарта Нидерландиянын Эйнховен шаарына жумасына 3 жолу, 1-июлдан тарта Англиянын Манчестр шаарына жумасына 5 жолу жана Италиянын Венеция шаарына жумасына 4 жолу, 8-июлдан тарта Марокконун Касабланка шаарына жумасына 4 жолу каттай баштайт.

«Йени шафак» гезити «Көгүлтүр турлар 100 пайыз толтура» деген маалыматында көгүлтүр жол тартуунун борбору Түштүк Эгейде «көгүлтүр турларда» толтуралык катнашы 100 пайызга жеткени маалымдалды. Эс алуучуларды көгүлтүр жол тарууга алып чыккан яхталар менен катар жыгач сарай аталган гулеттердин бардыгы тең 4-июнда баштала турган Рамазан айт майрамында турга чыгышат.

«Хабер түрк» гезити «Алибабанын төлөм платформасы Алипай Түркия базарына кирди» деген маалыматында кытайлык электорндук соода дөө-шаасы Алибабанын фирмаларынан төлөм платформасы Алипай, Түркияда иш алып баруусун баштаганын жазган. Бул үчүн жаңы муундагы төлөм платформасы Ининал менен кол алышкан Алипай Түркияда кытайлык туристтерди тейлей баштаганын жарыялады.

«Ватан» гезити «Түрк аба жолдору (THY) быйыл жумуш менен камсыздоодо рекордго жетишет» аттуу маалыматында орто эсеп менен 66 миңдей кызматкери болгон Түрк аба жолдорунун 2019-жыл үчүн орто эсеп менен 8 миң 430 жумуш орунун пландаганын маалымдады. Бирок Түрк аба жолдору пландоодон ашып алгачкы 5 айда 4 миң 600 жумушчуну алды. Өзгөчө жайкы айларда жүргүнчүнүн көптүгү жана флотко кошулуу үчүн күтүп жаткан учактардын да келиши менен кошо, кызматкерлерге муктаждык көбөйөт. Кошумча жумуш орундары менен бул жумуш орун саны рекордду багындырат. Түрк аба жолдорунун быйылкы жумуш менен камсыздоосу 10 миңге жетет.

«Сабах» гезити «Ара Гүлердин фотосүрөттөрү Парижде» аттуу маалыматында Түркия Республикасынын Президенттиги тарабынан; «Ара Гүлер» музейи менен Архив жана изилдөө борборунун кызматташтыгында ишке ашырылган «Ара Гүлер көргөзмөсү» өткөн жылы арабыздан ажыраган баалуу фотосүрөтчү жана фото корреспондент Ара Гүлердин чыгармаларын дүйнө жүзүнүн маанилүү искусство борборлоруна алып барып жатканын жазган. Апрель айында Лондондо уюштурулган жана чоң кызыгуу тарткан «Ара Гүлер» көргөзмөсү 23-майда Франциянын борбор шаары Париждеги Полка галериде ачылат.



Тектеш кабарлар