Түрк басма сөзү-20.05.21019

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

1204524
Түрк басма сөзү-20.05.21019

«Йени шафак» гезити «Түркиянын улуттук согуштук учагы 2023-жылы ангардан чыгат» аттуу маалыматында коргонуу өнөр жайынын төрагасы Исмаил Демирдин Улуттук согуштук учактын F-16лардын ордун ээлей турганын айтканын баяндаган. Учактын негизги планы чийилгенине басым жасаган Демир: «Учагыбыздын астыңкы системалары үчүн иштер уланып жатат. Учагыбыз 2023-жылы Ангардан чыгат»,-деп маалымдады. Демир, программанын белгилүү баскычтарында жаңы чет элдик өнөктөштүктөр боло ала турганын айтты.

«Стар» гезити «Түркия Чыгыш Жер Ортолук деңизде укуктарын издөөсүн улантат» аттуу маалыматында энергетика жана жаратылыш ресурстары министри Фатих Дөнмездин чоң жана күчтүү Түркия максаттары үчүн кадамдарын таштоосун уланта тургандарын билдиргенин маалымдаган. «Биз бир болгон сайын, ири болгон сайын, тири болгон сайын эч ким бизди максаттарыбыздан кайттыра албайт»,деген министр Дөнмез: «Чыгыш Жер Ортолук деңизде өлкөбүздүн, улутубуздун жана Түндүк Кипр Түрк Республикасынын (ТКТР) укуктарын коргодук, коргоону дагы улантабыз»,-деди.

«Ватан» гезити «Азиядан Түркияга 466 миллион доллардык инвестиция» аттуу маалыматында 2018-жылдын март айында 835 миллион доллар деңгээлинде ишке ашкан чет өлкөдөгү отурукташкан кишилердин Түркиядагы түздөн-түз инвестициялары 2019-жылдын тийиштүү мезгилинде 820 миллион доллар болгонун жазган. Бул мезгилде Түркияга түздөн-түз инвестициялардын 466 миллион доллары азиялык, 342 миллион доллары европалык, 10 миллион доллары америкалык жана 2 миллион доллары африкалык инвесторлордон келген. Ушундайча Түркияга март айында салынган түздөн-түз инвестициялардын 56,8 пайызын азиялыктар ээледи.

«Хабер түрк» гезити «Тарыхый жана маданий потенциал туризмге чагылдырылат» деген маалыматында маданият жана туризм министри Надир Алпасландын Түркиянын тарыхы жана маданияты менен дүйнөнүн теңдеши жок байлыгына ээ болгон казынанын үстүндө экенин айтканын баяндаган. Адамзат тарыхынын бул жерлерде башталып бүгүнкү күнгө дейре өнүккөнүн түшүндүргөн Алпаслан, бул тарыхый жолдо адам баласынын теңдешсиз чыгармаларын бул жерлерде калтырганын эске салды. Чыгармалардын корголушу жана колдонулушу темасында абдан аяр мамиле кылып жаткандарын айткан Алпаслан, буга карата абдан кеңири мыйзам даярдагандарын жана эмгектерин улантып жаткандарын айтты.

«Хүррийет» гезити «Ирем Яман тарых жазды! 2-ирет чемпион болду» деген кабарында Дүйнөлүк Тейквандо чемпионатында улуттук спортчу Ирем Яамандын айымдар 62 кг салмакта алтын медалды багындырганын жазган. Англиянын Манчестер шаарында өткөн мелдештин акыркы күнүндө айымдар 62 кг салмакта татамиге чыккан Ирем Яман, финалдык таймашында бразилиялык Каролине Сантос менен беттешкен. Яман атаандашын 21-7 эсебинде утуп алып дүйнөлүк чемпион болду. Ирем эки ирет дүйнөлүк чемпиондукту багындырган алгачкы Түрк айымы катары тарыхта калат.



Тектеш кабарлар