Түрк басма сөзү 17.05.2019

Бүгүн басмадан чыккан гезиттерден кыскача маалыматтар.

1203241
Түрк басма сөзү 17.05.2019

«Хабер түрк» гезити «Чавушоглу : С  - 400дөрдүн текшерүүсү Түркияда болот» деген макаласында тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглунун Латвиядагы расмий сапарынын негизинде кесиптеши Эдгар Ринкевич менен өткөргөн биргелешкен пресс – жыйында С  - 400дөргө байланыштуу маалымат бергендигин жазган. АКШнын С  - 400дөрдүн Ф  - 35терге коркунуч туудурууда деген оюна жооп берген Чавушоглу : «Биз так түрдө айттык. Бул система толугу менен биздин көзөмөлүбүздө болот». Чавушоглу АКШга бул тууралуу орток иш алып баруу тобунун түзүлүшүн сунуш кылышкандарын да айтты.

«Стар» гезити «Путин : «Түрктөр менен иштөө оңой» деген кабарында Орусиянын президенти Путин АКШ жана кээ бир Европа өлкөлөрү алдын тосуу үчүн түрдүү методдорду колдонгонуна карабастан курулушу улантылып жаткан, Орусия жаратылыш газын Европага ташый турган Түндүк Агым 2  жаратылыш түтүк жолу проектинен сөз кылып : «Түрктөр менен иштөө, европалыктар менен иштегенден дагы оңой. Президент Р. Т. Эрдоган чечим чыгарды жана муну ишке ашырууда»,- деди.

«Сабах» гезити «Чет элдиктерге турак жай сатууда апрель айындагы эң жогорку сандар белгилүү болду» деген кабарында чет элдиктерге турак жай сатуу биринчи төрт айда 13 миң 338 даанага жеткендигин жазган.  Өткөн жылдын январь  -  апрель мезгилинде 7 миң 341 турак жай чет элдиктерге сатылып, бул да 82 пайыздык өсүүнү көрсөтүүдө. Бул жылдын апрель айында чет элдиктерге турак жай сатуу өткөн жыдын ушул эле айына караганда 82, 1 пайызга өсүп, 2 миң 43төн 3 миң 720га жогорулады. Ушундайча чет элдиктерге турак жай сатууда тарыхынын эң мыкты саны апрель айында белгилүү болду.

«Хүррийет» гезити «Британиялыктар тандады! Бул жайда Түркияда эс алууга боло турган эң мыкты 10 жер» деген маалыматында  Британия гезити The Telegraphтын редакторлору 2019 -  жылы Түркияда эс алууга боло турган 10 жерди тандагандыгын жазган. Тизмеде беш жылдыздуу  мейманканаларга ээ Анталия, Кемердеги Чыралы кумдагы, туристтик жер Калкан, Каш районунун чек араларында жалпы узундугу 12 километрге жеткен Патара пляжы, Алания жээктери, Сиденин көгүлтүр желектүү пляждары, Мугла Даляндагы Изтузу пляжы, Измир Чешмедеги пляж жана булуңдар, Фетхиедеги  Өлү деңиз, Бодрум жарым аралы орун алды.



Тектеш кабарлар