Түрк басма сөзү 16.05.2019

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

1202299
Түрк басма сөзү 16.05.2019

 

«Сабах» гезити: «Эрдогандан орчундуу сүйлөшүү» аттуу маалыматында президент Режеп Таййип Эрдоган Азербайжандын президенти Илхам Алиев жана Өзбекстандын президенти Шафкат Мирзиеев менен телефон аркылуу сүйлөшүү өткөргөнүн жазган. Президенттиктин байланыш бөлүмүнүн билдирүүсүнө караганда, сүйлөшүүлөрдө эки тараптуу карым-катнаштар жана аймактык маселелер каралды.

«Хүррийет» гезити: «Министр Чавушоглунун С-400дөр тууралуу  билдирүүсү» деген кабарында тышкы иштер министр Мевлүт Чавушоглу Орусиядан С-400 системаларын сатып алуунун кечеңдетилиши же токтотулушу сөз болбогонун айтканын билдирген.

«Стар» гезити «Чет элдик туристтердин саны 24 пайыз өстү» аттуу кабарында маданият жана туризм министри Мехмет Нури Эрсой, апрель айында Түркияга келген чет элдик туристтердин саны 24 пайыз өскөнүн билдиргенин жазган. Эрсой туристтердин 48 пайыздык өсүү менен эң көп Германиядан келгендерин баса белгиледи.

«Хабер түрк» гезити: «Мөмө-жемиш жана жашылчанын экспортунда Орусия лидер» деген маалыматында Түркиядан жылдын биринчи төрт айында 118 өлкөгө 622 миллион 463 миң 509 долларлык мөмө-жемиш жана жашылча экспорттолгонун билдирген. Бул мезгилде 184 миллион 157 миң 451 долларлык экспорт менен Орусия биринчи орунду ээледи.

«Ватан» гезити: «Мароккодо түрк сериалдары рейтинг боюнча алдыңкы орундарда турат» деген маалыматында өлкөдөгү жергиликтүү каналдардын рейтингин белгилеген «Maroc Metri» аттуу мекеменин жазуу түрүндөгү билдирүүсүнө караганда, мамлекеттик Канал-2 телеканалында көрсөтүлгөн «Мени кечир» аттуу түрк сериалы, Рамазан айында эң көп көрүлгөндөрдүн арасында үчүнчү орунду ээлегенин маалымдаган.

 



Тектеш кабарлар