Түрк басма сөзү 6.05.2019

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

1195730
Түрк басма сөзү 6.05.2019

 

«Стар» гезити «НАТО менен Түркиядан удаама-удаа С-400 билдирүүсү» аттуу маалыматында НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг Орусиядан С-400дөрдүн сатып алынышына байланыштуу: «Аскердик жабдуулар менен камсыз кылуу, өлкөлөрдүн улуттук чечиминин негизинде болот»,- деп билдиргенин жазган. Вице-президент Фуат Октай болсо: «С-400дөр тууралуу чечим чыгарылган. Түркия келишимге кол коюп, убада кылгандан кийин убадасына турат»,-деп атты.

«Хабер түрк» гезити: «Министр Хулиси Акардын Кипр жөнүндөгү билдирүүсү» деген маалыматында улуттук коргоо министри Хулиси Акар, Түркиянын Чыгыш Жер ортолук деңиз жана Эгейде эл аралык мыйзамдарга негизделген укуктар менен катар кепил өлкө болушунан улам Түндүк Кипр Түрк Республикасынын элинин укуктарын да ар дайым коргоого чечкиндүү экенин айтканын жазган. Акар грек жооптуу кызматкерлеринин Эгей жана Чыгыш Жер ортолук деңизге байланыштуу билдирүүлөрү тууралуу, акыл-эстүүлүк жана кызматташтыкка чакырды. Акар Түркиянын улуттук укук жана кызыкчылыктарын керектүү учурларда коргоого даяр экенин да айтты.

«Хүррийет» гезити: «Кушадасында круиздик туризм» аттуу кабарында Нидерландия жана Мальта желектүү эки круиздик кеменин 3 миң 560 жүргүнчүсү менен кечээ Айдындын Кушадасы районуна келгенин билдирген. Көпчүлүгү америкалыктардан турган жүргүнчүлөрдүн бир бөлүгү байыркы Эфес шаарын, Мариям эне үйүн жана берки тарыхый жерлерди кыдырышса, калгандары шаардын борборунда эс алышты.

«Йени шафак» гезити «Өрүктүн кагынан биринчи төрт айда 84 миллион долларлык экспорт» деген маалыматында дүйнөдөгү өндүрүмдүн 85 пайызы ишке ашкан Малатиядан жылдын биринчи төрт айында 33 миң 910 тонна өрүктүн кагы экспорттолуп, андан 84 миллион 710 миң 900 долларлык киреше түшкөнүн билдирген. Шаарда өткөн жылдын тийиштүү айында 29 миң 868 тонна өрүктүн кагы экспорттолуп, андан 85 миллион 933 миң 507 долларлык киреше түшкөн болчу.

«Сабах» гезити: «Жүнейт Чакыр Ливерпуль – Барселона беттешүүсүн башкарат» деген маалыматында эртең Ливерпуль менен Барселонанын ортосунда ойноло турган Чемпиондор лигасынын жарым финал реванш оюнун түрк калыс Жүнейт Чакырдын башкара турганын жазган. Футболдук мелдеш Англиянын Ливерпуль шаарындагы «Энфилд Роуд» стадионунда Түркия убактысы боюнча саат 22.00де башталат.



Тектеш кабарлар