Түрк басма сөзү 03.05.2019

Бүгүн басмадан чыккан гезиттерден кыскача маалыматтар.

1194430
Түрк басма сөзү 03.05.2019

«Стар» гезити «Страуд: Түркиянын стратегиясы Европага үлгү болушу керек» деген маалыматта англис The Times гезитинин жазуучусу Филиппа Страуддун Түркия  - Сирия чек арасындагы байкоолоруна орун берди. Түркиянын 3, 5 миллион сириялык качкынга меймандостук көрсөткөндүгүн айткан Страуд : «Түркиянын стратегиясы Европага үлгү болушу керек»,- деди. Сириядагы жарандык согушта 400 миңге жакын кишинин каза болгондугун жана миллиондогон кишинин да жерлеринен кетишине себеп болгондугун белгилеген Страуд : «20 миллиондук калктын жарымынан ашыкчасы гуманитардык жардамга муктаж»,- деди.

«Йени шафак» гезити «Улуттук аскердик учак биринчи жолу Парижде ортого чыгат» деген кабарында Түрк авиация жана космостук өнөр жай ТУСАШтын башкы директору Темел Котил улуттук аскердик учактын өлчөмдөрүндөгү моделинин биринчи жолу бул жылкы Париж Air Showда көргөзмөгө чыгарын билдиргендигин жазган. Улуттук аскердик учак долбоорунда бардык базистик комплекстерди куруу менен алдыга жылышкандарын белгилеген Котил : «Бул эң чоң долбоорубуз. Муну бүтүргөнүбүздө Түркия технологиялык жактан АКШ, Орусия жана Кытайдан айырмам жок деп айта алат»,- деди.

«Хүррийет» гезити «Улуттук учкучсуз унаа аппараты Анка мобилдик оюн болду» деген кабарында түрк коргонуу өнөр жайынан бир топ жаңы продукция көргөзмөгө чыгарылган IDEF 19да  бир алгачкынын болгондугун жазган. Түрк коргонуу өнөр жайынын улуттук учкучсуз аба аппараты ИХАдан Анка  - С мобилдик оюнуна айланды. Udo жана Otto Games катары 7 айлык бир процессте чыгарылган «Операция Анка» аттуу оюн Анканын дүйнөдөгү атаандаштарына каршы жогорку күч жана жөндөмдүүлүктөрүн көрсөтүүдө.

«Хабер түрк» гезити «Чыгыш экспресс туристтик биринчи каттамын 29 -  майда аткарат» деген макаласында туристтик Чыгыш Экспресстин 120 кишилик болорун жазган. Баарында жатуучу орундугу боло турган вагондон тура турган поезд Анкара  - Карс паркурун 27   саатта акырына чыгарарын жазган. Билет баасынын абдан кыска убакыттын ичинде билдирилери белгиленди. Өзгөчө социалдык медиа, сүрөт тартууну сүйгөндөр жана табият сүйүүчүлөрдүн саясында ачылган туристтик Чыгыш Экспресси акыркы жылдарда чоң кызыгуу көрүүдө. Билеттер сатыкка чыгар чыкпас сатылууда.

«Сабах» гезити «Жабык чөйрөдө лед лампаларынын жарыктандыруусу менен помидор өстүрүлдү» деген маалыматта Анталияда бир түрк фирмасы түндүк өлкөлөрүнүн дыйканчылык өндүрүшүндө колдонуу үчүн күн энергиясы берилген лед арматураларды чыгаргандыгын жазган.  Эч күн көрбөгөн теплицага жайгаштырылган леддер менен помидор өндүрүүдө ийгиликтүү фирма леддерден Македония, Греция жана Түркмөнстанга экспорттоду, Орусия менен да келишим түзүлдү.

 



Тектеш кабарлар