Түрк басма сөзү 2.05.2019

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

1193683
Түрк басма сөзү 2.05.2019

 

«Хабер түрк» гезити: «Трамптын Түркия сапары күн тартипте» аттуу кабарында Президенттиктин булактары тарабынан «АКШнын президенти Дональд Трамптын Түркияга сапары темасында июль айы менен берге альнертанивдүү күндөрдү карап жатабыз» деп билдирилгенин жазган. Күнү белгилүү болгон учурда бул Трамптын Түркияга алгачкы сапары болот.

«Стар» гезити: «Түркия, Сириянын түндүгүн баардык террордук топтордон тазалоого чечкиндүү» деген маалыматында Президенттик аппараттын басма сөз катчысы Ибрахим Калын, АКШнын Сирия боюнча атайын өкүлү Жеймс Жеффри менен баш калаа Анкарада жолукканын билдирген. Түркиянын улуттук коопсуздук максаттары ачык-айкын баса белгиленген жолугушууда, Евфрат дарыясынын чыгышында жана Сириянын жалпысында террорго каршы күрөшүү, коопсуз аймак, Манбиж жол картасынын ишке ашырылышы, ДЕАШ, ПКК/ЙПГ/ПЙД менен катар баардык террордук уюмдарга каршы күрөшүү, Идлиб макулдашуусунун корголуусу, Сириянын жеринин бүтүндүгүнүн алкагында саясий чечүүчү жол табуу жана Сириянын кайрадан курулуусу күн тартипке коюлду.

«Йени шафак» гезити «Эрдоган мусулман болгон ырчы Делла Майлзды куттуктады» деген маалыматында президент Режеп Таййип Эрдоган, Аялдар жана демократия фондунун Стамбулда уюштурган семинарына катышканын жазган. Эрдоган менен жубайы Эмине Эрдоган, мусулман болгон жана Стамбулга келген Делла Майлзды да семинарга чакырды. Эрдоган Делла Майлзды мусулман болгону үчүн куттуктады. АКШлык ырчы жолугушуудан кийин сезимдерин айтып жатып: «Бүгүн дүйнө лидери менен тааныштым. Түркиянын президенти менен кол кармашып саламдашып, Биринчи айым менен кучакташып учурашканым үчүн абдан толкунданып жатам»,-деди.

«Ватан» гезити «Антальяга келген туристтердин саны рекорд койду» деген кабарында Анталья туристтердин саны боюнча акыркы жылдардын эң жогорку чегине жеткенин билдирген. Өзгөчө апрель айында туристтердин саны өстү. Биринчи үч айда 571 миң 207 турист келген шаарда, апрель айынын 29 күнүндө эле 905 миң 322 турист кирди. Күтүлгөндөн жогору болгон бул көрсөткүч туризмчилерди таң калтырды. Туризмчилер апрель айындагы өсүүнүн Пасха майрамынан улам болгонун айтышты.

«Хүррийет» гезити «Түрк Аба Жолдору Европа лигасында эки түрк командасы төрттүк финалда» аттуу маалыматында Түрк Аба Жолдору Европа лигасынын плей-офф чейрек финал мелдешинин бешинчи жана акыркы беттешүүсүндө Анадолу Эфес өз талаасында Испаниянын өкүлү Барселона Лассаны 80-71 упай эсебинде жеңгенин жана Испаниянын Витория-Гастейс шаарында өтө турган төрттүк финалга катышууга жолдомо алганын жазган. 7-19-майда өтө турган төрттүк финалдын биринчи күнүндө эки түрк командасы Фенербахче Беко менен Анадолу Эфес жана акыркы чемпион Реал-Мадрид менен ЦСКА Москва беттешет. Бул мелдештерди жеңген командалар 19-майда финалда чемпиондук, жеңилгендер болсо үчүнчүлүк үчүн ойношот.



Тектеш кабарлар