Түрк басма сөзү-22.04.2019

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

1187933
Түрк басма сөзү-22.04.2019

«Стар» гезити «Трамптын салык дубалы Түрк өнөр жай аймагы менен ашылып өтөт» аттуу маалыматында президент Режеп Таййип Эрдоган менен АКШнын президенти Дональд Трамптын ортосундагы жолугушууда чечим чыгарылган соода көлөмүнүн 75 миллиард долларга жогорулатылышы максатына жетилиши үчүн Түрк фирмалары биргелеше иш-аракет жасай турганын маалымдаган. Өзгөчө Трамп бийлигинин алып келген салыктарынан ашып өтүп АКШ базарына экспортту арттырыш үчүн «Түрк уюмдашкан өнөр жай аймагы» долбоору үчүн иш-аракетин баштады. Түркия-Америка Ишкерлер коому (TABA-AmCham) тарабынан жүргүзүлгөн долбоордун алкагында АКШда курула турган аймакта орун алгысы келген өнөр жайчы жана ишкерлерден талап чогултулууда. 2019-жылдын акырында алдыңкы талаптар чогултулуп жол картасы белгиленет.

«Хабер түрк» гезити «Huawei Түрк профессорду баатыр деп жарыялады» деген кабарында Кытайдын технология фирмасы Huaweiдин  жогорку рангадагы башкаруучусу СЕОсу Гуо Пингдин проф.др.Эрдал Арыкандын бир гана Түркия үчүн эмес, коммуникация индустриясы үчүн да баатыр болгонун айтканын маалымдаган. Гуо Пинг, «Арыкан, 5G туурасында билдирүү жазды. Биз да бул макаланын баасын түшүндүк жана өзү менен иштештик. 5Gнын дүйнөдөгү илгерилөөсүнө чоң салым кошту. 5G Түрк технолгиясын колдонот жана бул технология дүйнөнүн башка аймактарында да ишке кирет. 5G колдонулушунда Түркия жол башчылык кылды. Түрк калкы муну менен сыймыктанат»,-деди.

«Йени  шафак» гезити «Турак үй алууда чет элдиктердин көздөгөнү-Стамбул» аттуу маалыматында Түркияда чет элдик атуулдарга акыркы бир жылда 46 миң 243 үй сатылганын маалымдаган. Чет элдиктерге сатууларда мурдагы жылга салыштырмалуу 108 пайыз катышында өсүү ишке ашты. Эң көп тандалган облус Стамбул. Анталья экинчи орунда турат. Акыркы бир жылда АКШнын атуулдарынын алууларында да өсүү көрүндү.

«Хүррийет» гезити «Жылдын алгачкы жаңылыгы ишке ашты, ири кеме Кушадасында» деген маалыматында круиз туризминин маанилүү борборлорунан Айдындын Кушадасы районундагы портко Мальтанын желеги илинген «Celestyal Crysta» аттуу круиз кемеси 620 жүргүнчүсү менен сезондун алгачкы саапарын ишке ашырганын маалымдаган. Кушадасы Эгей Порт портуна жанашкан Мальтанын желеги илинген кемеден түшкөн көпчүлүгү АКШ жана Англиянын жарандары, Измирдин Селчук районундагы Эфес байыркы шаары жана Мариям Эне үйүнө жасалган турга катышты. Туристтер Кушадасы борборунда болушунча соода кылышты.

«Сабах» гезити «Дүйнөнүн эң сонун алгачкы төрт багытынан бири Түркияда» аттуу маалыматында Чыгыш Экспрессине тууган боло турган Туристтик Чыгыш Экспрессинин Анкара-Карс арасында тарыхый жана туристтик жерлерге бара турганын жазган. Дүйнөнүн эң кооз алгачкы төрт поезд багытында орун ала турган Чыгыш Экспресси өзгөчө жаштар, табият сүйүүчүлөр, фотосүрөтчүлөрдөн турган топтордон баштап бардык жаштагы жүргүнчүгө арзан баада жогорку сапаттагы тейлөөнү тартуулайт. Анкарадан Түркия убактысы боюнча саат 20:00дө Карстан Түркия убактысы боюнча саат 23:00дө чыга турган поезд 27 саат жол тартат.



Тектеш кабарлар