Түрк басма сөзү 19.04.2019

Бүгүн басмадан чыккан гезитерден кыскача маалыматтар.

1186519
Түрк басма сөзү 19.04.2019

«Сабах» гезити «Президент Эрдоган Financial Timesка катуу каршылык көрсөттү» деген макаласында Президент Р. Т. Эрдоган Financial Timesтын Түркия тууралуу кабарларына көңүлдөрдү буруп : «Түркия катары акыркы жылдарда эл аралык бир каралоого дуушар болуудабыз. Азыркы учурда өлкөмдөгү экономикалык абал тууралуу батыш бардык медиа органдары менен экономикабызды  чөккөндөй көрсөтүүдө. Силер эмне кылсаңар кылгыла Түркия типтик турат. Күчтөнүп жолун улантат»,- деди.

«Стар» гезити «Калын: Түркия -  Сирия чек арасында коопсуз аймак түзүлдү» деген кабарында президенттиктин катчысы Ибрахим Калын Түркия  - Сирия чек арасында коопсуз бир аймактын түзүлгөндүгүн айтканын жазган. Калын Президент Р. Т. Эрдогандын жетекчилигинде кечээ өткөн кабинет жыйынына байланыштуу пресс  - жыйын өткөрдү. Ибрахим Калын Сириянын Манбиж аймагында түрк жана Америка аскерлери бирге жүргүзгөн күзөт иштеринин улантылып жаткандыгын жана жаңы күзөт иштери үчүн да сүйлөшүүлөрдүн улантылгандыгын белгиледи. Калын : «Биздин күтүүбүз Манбиж жол картасынын эртерээк турмушка ашырылышы жана Евфраттын чыгышында эч бир террордук уюмдун болушуна уруксаттын берилбеши»,- деди.

«Хабер түрк» гезити «Анталия туризм сезонуна даяр» деген макаласында бул жылы 16 миллион туристти тосуп алууну максат кылган жана сунуш кылган мүмкүнчүлүктөрү менен Еврпада үлгү болгон түрк туризминин борбор шаар Анталияда конокторун мыкты тосуп алышы үчүн даярдыктардын бүткөндүгүн жазган.

«Хүррийет» гезити «Түркиядан 60 өлкөгө жыгач иштетүү машинасын экспортоо» деген макаласында жыгач иштетүү машинасы жана жыгач устачылыгы ассоциациянын төрагасы Мустафа Сабри Эрол жыгач иштетүүчү машиналар жана жыгач устачылыгынын күн өткөн сайын өнүккөндүгүн, өлкөнүн экономикасына маанилүү салым кошкондугун айтты. Эрол Түркиянын 60ка жакын өлкөгө жыгач иштетүүчү машина экспорттогондугун белгиледи. Эрол : «2018 -  жылы 120 миллион доллар экспортубуз 60 миллион доллар импортубуз болду. Бул жылдын биринчи үч айлык маалыматтарына караганда 100 машина импорттоп алган болсок 400 машина экспорттой турган абалдабыз»,- деди.

«Йени шафак» гезити «Измирдин бойозу жаңы даамдар менен дүйнө базарында» деген кабарында Измирдин белгилүү таттууларынан бойоздун түрдүү даамдар менен АКШ жана Европа базарына чыгарылгандыгын жазган. Бойоз башкаруу кеңешинин төрагасы Муса Туран максаттарынын салттык даамды дагы көп кишиге жеткирүү экендигин айтты.



Тектеш кабарлар