Түрк басма сөзү  16.04.2019

Бүгүн басмадан чыккан гезиттерден кыскача маалыматтар.

1184245
Түрк басма сөзү  16.04.2019

«Стар» гезити «Хулуси Акар : АКШнын С  - 400дөр тууралуу мамилеси  союздаштыкка тескери» деген маалыматында улуттук коргоо министри Хулуси Акардын Орусиядан алына турган С  - 400 абадан коргонуу системалары тууралуу тынчсызданууларды сүйлөшүү үчүн АКШ менен техникалык сүйлөшүүгө даяр экендерин айтканын жазган. Акар АКШнын С  - 400 тууралуу : «Коркутуулар, ультиматумдар жана мөөнөт берүүлөрү туура эмес, өзгөчө союздаштыкка туура келбейт»,- деди.

«Сабах» гезити «Министр  Берат Албайрак Трамп менен жолугушту» деген макаласында казына жана финансы министри Берат Албайрак Ак үйдө президент Дональд Трамп менен жолугушуп Президент Р. Т. Эрдогандын маалыматын билдиргендигин жазган. Жолугушууда С  - 400 маселесинин да күн тартибине келгендигин баса белгилеген Албайрак : «Мен президент менен сүйлөшкөн темалардан оң таасир алдым. Түркиянын муктаждыктарына таянган С  - 400 процесси тууралуу маалыматтарды угуп, түшүнүү менен көз караш көрсөткөндүгүн байкагынымды айта аламын»,- деди.

«Хүррийет» гезити «Түркия туризмде максатына карай бара жатат» деген кабарында  маданият жана туризм министри Мехмет Нури Эрсой 15 – 22 -  апрель күндөрү белгиленген «Туризм жумалыгынан» улам билдирүү жарыялады. Маданият жана туризм министри Мехмет Нури Эрсой : «Түркия бардык тармактарда болгондой туризмде да 2023 -  максаттарына  күчтүү эрк жана ишенимдүү кадамдар менен бара жатат. Марка шаарлардан гастраномияга, археология, транспорт, коноктоо жана кызматкерлердин сапатына чейин туризм үчүн ташталган ар бир кадам Түркияны эл аралык аренада лидер өлкө абалына жогорулатуу жолунда»,- деди.

«Хабер түрк» гезити «Стамбул өнөр жай кабинетинин Түркия экспорт климаттык индекси март айында 52, 3 пайыз болду» деген маалыматында Түркия өндүрүш секторунун негизги экспорт базарындагы иш алып баруу шарттарын өлчөгөн көрсөткүч Стамбул өнөр жай кабинети Түркия экспорт климаты индексинин биринчисин билдиргендигин жазган. Индекс март айында 52, 3 пайыз болуп, күчтүү жана жакын мезгил тренддери менен шайкеш жакшырууну белгилеп жатат. Жакшыруу Жакынкы Чыгыш базарларында күч алган талаптын Европадагы акырындоо белгилеринин компенсациялоосу менен болду.

«Йени шафак» гезити «Өлкө тышы курулуш долбоорлорунда масштаб жогорулады: максат 50 миллиард доллар» деген кабарында Түркия курулуш инженерлери биримдигинин «Курулуш секторунун анализинде» маанилүү маалыматтарга орун берди. Отчетко караганда түрк инженерлери бул жылы өлкө тышындагы 10 -  курулуш долбооруна карай алдыга жылып бара жатат. Өлкө тышы кызматтар кайрадан  20 – 30 -  миллиард доллар деңгээлине чыкты. Максат 2023 -  жылы 35 миллиард, 2030 – жылы болсо 50 миллиард доллар. Ушундайча глобалдык базардагы үлүш 7 пайызга чыгат.

 

 

 

 



Тектеш кабарлар