Түрк басма сөзү-11.04.2019

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

1181405
Түрк басма сөзү-11.04.2019

«Стар» гезити «Президент Эрдогандан Евфраттын чыгыш жагына операция белгиси» аттуу маалыматында президент Режеп Таййип Эрдогандын  Гөлбашыдагы Атайын кыймыл штабынын башчылыгында коопсуздук уюмунун түзүлгөнүнүн 174 жылдыгы жана Атайын кыймыл штабынын башчылыгынын жаңы имаратынын ачылыш аземинде сүйлөгөн сөзүндө, « Түркияны террор тилкеси менен багындырууга аракет кылгандарга каршы таштаган кадамдарыбыз менен мунун мүмкүн болбой турганын көрсөттүк. Буга карабастан ошондой сценарий менен өжөрдөнүп жаткандарга абдан жакынкы убакта алар түшүнө турган тил менен жооп беребиз»,-деп айтканын баяндаган.

«Сабах» гезити «TUSAŞ Түркияда учак жана тик учак жасап чыгаруу үчүн чоң ишкана салууда» аттуу маалыматында Түрк авиация жана космостук өнөр жайы акционердик коому TUSAŞтын, Түркиянын эң чоң, дүйнөнүн бир чатыр астындагы 4-чоң курама өндүрүү ишканасын куруп жатканын жазган. Борбор шаар Анкаранын Кахраманказан районундагы борбордук лагерде 181 миллион доллардык инвестиция менен ишке аша турган комплекс, дүйнөдөгү авиациялык курулуштардын курама муктаждыгынын 2 пайызын камсыздайт. Роботтук, автоматтык жана акыркы технологиялык шаймандар менен сезимтал жана катасыз өндүрүш жасала турган ишкана, экспорту менен өлкөнүн экономикасына салым кошот.

«Йени шафак» гезити «Түркия менен Орусиянын биргеликте тик учак жасап чыгаруу белгиси» аттуу маалыматында Орусиянын тик учактар башкы директору Андрей Богинскийдин Түркиянын согуштук тик учак жасап чыгарууда ийгиликтүү тажрыйбаларга ээ болгонун билгендерин айтып, «Буга, жарандык аянтка да жайыла ала турган потенциал катары карайбыз. Биздин да максатка ылайык ар түрдүү тик учактарыбыз бар жана ушул себептен ар түрдүү сунушка ачыкпыз. Орусия катары Түркия менен биргелеше тик учак жасап чыгарууну ыктымалдуулук катары карайбыз»,дегенин берген.

«Ватан» гезити «CNN International каналы Стамбул аэропортун мактады» деген маалыматында «Стамбул» аэропортуна «Ири көч» аяктады. 5-6-апрель күндөрүндө пландалган мөөнөттөн дагы кыска мөөнөттө ишке ашкан ташуу операциясынан кийин «Стамбул» аэропортун бардык өзгөчөлүктөрү менен Американын CNN International каналында орун алды. Атактуу диктор Ричард Квесттин «Стамбул» аэропорту тууралуу биринчи жоруму мындай болду; «Түркиянын мега авиациялык долбоору учууга өтүүдө».

«Хүррийет» гезити «Англичандар жарыялады; Европанын эң мыкты пляждары! Түркиядан 5 жер тизмеде» аттуу маалыматында The Guardian гезити Европанын эң мыкты пляждарын иликтегенин жазган.  Түркиядан 5 жер тизмеге кирди. Буларга; Антальядан  Чыралы, Кемер, Мугладан Кабак, Узунйурт айылы, Антальядан  Патара, Калкан, Чанаккаледен Аквариум, Бозжаада, Мугладан Изтузу, Далян кирген.



Тектеш кабарлар