Түрк басма сөзү-10.04.2019

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

1180606
Түрк басма сөзү-10.04.2019

«Ватан» гезити «Террор уюмуна «Чеңгел» соккусу» аттуу маалыматында Улуттук коргоо министрлигинин Ирактын түндүгүнө абадан жүргүзүлгөн операциясында жикчил террордук уюм ПККнын кызыл тизмедеги жасалма корбашчыларынан Мехмет Сойсүрендин жок кылынганын маалымдаганын баяндаган. Улуттук коргоо министрлигинин жазуу түрүндөгү операциясында 20га жакын бута атылганы белгиленди.

«Хабер түрк» гезити «Маданият жана туризм министри Мехмет Нури Эрсой; Орустардын көңүлүн багындырдык» аттуу маалыматында маданият жана туризм министри Мехмет Нури Эрсойдун Орусиянын борбор калаасы Москвадагы Большой театрында Түркия менен Орусиянын ортосунда жарыяланган «2019 Түркия-Орусия эки тараптуу маданият жана туризм жылынын» алкагында коюлган Троя операсын көргөнүн маалымдаган. Эрсой: «Түркия-Орусия маданият жана туризм жылынын ачылыш кечесинде Большой театрындагы «Троя» оюну менен орустардын көңүлүн багындырдык. Көргөндөр оюнга туруп алышып бир топко дейре кол чабышты. Эки тараптуу маданият-туризм жылынын жабылыш аземи да Стамбулдагы Перада бир орус көргөзмөсү менен жасалат»,-деди.

«Хүррийет» гезити «Түрк киносу «Түрк иши балмуздак» тасмасы чет өлкөдө көрсөтүлөт» аттуу маалыматында Чанаккале согуштары убагында Австралияда жашаган эки түрктүн өлкөлөрү үчүн күрөшүүсүн тема кылган «Түрк иши балмуздак» тасмасы Европада кино сүйүүчүлөрдүн назарына сунушталганын жазган. Болгон окуядан алып киного тартылган Жан Улкай режиссерлугун кылган кино тасма 11-апрелде Германия, Австрия, Бельгия, Дания, Франция жана Нидерландияда көрсөтүлөт.

«Сабах» гезити «Түрк аба жолдору; Стамбул аэропорту кечээ 103 миң 850 жүргүнчүнү тосуп алды» деген кабарында Түрк аба жолдорунун Стамбул аэропортунда кечээ 103 миң 850 жүргүнчүнү тейлегенин маалымдаган.  Түрк аба жолдрунун башкы директору Билал Экшинин маалымдоосуна караганда, Түрк аба жолдорунун Стамбул аэропортунда кечээ 294 учуу, 271и баруу болгон жалпы 565 каттам жасаганын белгиледи. Экши: «Жалпы 103 миң 850 жүргүнчүлбүзгө кызмат кылдык. Жакшы баратат, дагы жакшы болот»,-деди.

«Стар» гезити «Анталияда 3 миң 600 жылдык кеменин чөгүндүсү табылды» деген маалыматында Анталияда 3600 жылдык кеменин чөгүндүсү табылып, анын ичинде жез эритмелер болгон 14 метрдик калдыктын стандарт коло доорундагы соода кемеси экенине баа берилип жатканын баяндаган. Анталья губернаторлугунун берген маалыматтарына караганда Кипрдеги кендерден чыгарылып б.з.ч. 16 же 15 кылымдарда калыпка куюлган жез массалары толгон кеменин, бул жерден Гирит же Эгей жээктериндеги бир портко бара жатканда туш болгон бороон-чапкында чөккөнү божомолдонууда.



Тектеш кабарлар