Түрк басма сөзү 09.04.2019

Бүгүн басмадан чыккан гезиттерден кыскача маалыматтар.

1179802
Түрк басма сөзү 09.04.2019

«Ватан» гезити «Президент Эрдоган билдирди: максатыбыз 100 миллиард доллар» деген кабарында президент Р. Т. Эрдоган жана Орусиянын президенти В. Путин Москвадагы 8 -  жогорку деңгээлдеги кызматташуу кеңешинин жыйынында сөз сүйлөгөндүгүн жазган. Эрдоган : «Эки тараптуу соода көлөмүндө максатыбыз 100 миллиар долларга жетүү»,- деди. Путин болсо : Күн тартибибизде аскердик -  техникалык кызматташуу менен бирге С  - 400 системаларынын Түркияга тапшырылышы бар»,- деди.

«Хабер түрк» гезити «Түркиядан Ливия билдирүүсү : чоң тынчсыздануу болууда» деген маалыматында Түркия Ливиянын борбор шаары Триполиге карата аскердик кыймылдын натыйжасында ортого чыккан абалдан тынчсызданып жаткандыгын белгилеп, тараптарды тынчтанууга чакырды. Тышкы ишетер министрлигинен берилген жазуу түрүндөгү маалыматта : «Араздашуунун ылдам түрдө азайтылышы жана тынчтыктын түзүлүшү үчүн сезимталдуу болуу шарт. БУУнун башкы секратарынын жана БУУнун Ливия атайын өкүлүнүн өлкөдө араздашуунун азайтылышы багытындагы аракеттерине толук колдоо берген Түркия бардык эл аралык жамааттын да бул жагдайда чечкиндүүлүк көрсөтүшү маанилүү»,- деди.

«Хүриййет» гезити «Каппадокия туризм сезонуна ылдам кирди» деген кабарында Каппадокияда жылдын биринчи чейрегиндеги турист саны өткөн жылдын ушул эле мезгилине караганда  14, 5 пайызга артып, 440 миң 386 кишиге жеткендигин билдирген. Түркиянын табият, тарых жана маданий туризминде маанилүү бир орунга ээ болгон Каппадокия бул жылдын биринчи чейрегинде мурунку жылдарга салыштырганда туристтер эң көп тандаган жер болду.

«Сабах» гезити «Гөбеклитепеге кытайлыктардын кызыгуусу артууда» деген кабарында Шанлыурфада ЮНЕСКОнун  дүйнөлүк мурас тизмесинде орун алган Гөбеклитепени таанытуунун саясында кытайлыктардын кызыгуусу арткандыгын жазган. Облустук маданият жана туризм директору Айдын Аслан азыркы учурда Кытайдын эң чоң эки телекөрсөтүү каналынын тарыхый жерди тартып алгандыгын билдирди. Аслан президент Р. Т. Эрдоган тарабынан 2019 -  жылдын «Гөбеклитепе жылы» деп жарыяланышынан кийин керек болсо өлкө ичинде керек болсо өлкө тышында бардык коомдук мекемелердин тарыхый жерди таанытуусуна олуттуу колдоо бергендигин айтты.

«Стар» гезити «Түрк курулуш сектору Катарга барат» деген кабарында Катарда курулуш секторуна карата өткөрүлгөн Эл аралык курулуш технологиясы, курулуш материалдары, каражаттар жана экологиялык технологиялары соода жарманкеси түрк фирмаларынын катышуусу менен өткөрүлөрүн жазган.  29 -  апрель жана 1 -  майда өткөрүлө турган жарманкеде Түркия үч экспортчу биримдиги менен орун алат.

 



Тектеш кабарлар