Түрк басма сөзү 29.3.2019

Бүгүн басмадан чыккан гезиттерден кыскача маалыматтар.

1173015
Түрк басма сөзү 29.3.2019

«Хүррийиет» гезити  «Президент Эрдоган абдан маанилүү маалымат берди» деген кабарында президент Р. Т. Эрдогандын Голан дөңсөөлөрүнүн 1967 -  жылдагы келишимдер менен БУУ тарабынан Сирияга таандык экендиги тастыкталган жерлер экендигин айтканын жазган. Президент Эрдоган кечээ борбор шаар Анкарада  жаштар менен жолугушуп, суроолоруна жооп берди. Программа твиттер, фейсбук жана инстаграм сыяктуу социалдык медиадан  түз эфирден берилди.

«Хабер түрк» гезити «Леодикияда Рим мезгилине таандык 1906  жылдык айкел табылды» деген маалыматында  Денизлидеги  Леодикия байыркы шаарында жүргүзүлүп жаткан казуу иштеринде  биздин замандын 113 – жылы жасалган Рим императору Траянанын айкели ачыкка чыгарылгандыгын жазган. Айкел 356 бөлүкчө түрүндө чыгарылып бириктирилди жана жанында да колу артына байланган дачиялык душман аскери сүрөттөлгөн.

«Сабах» гезити Антарктидада түрк базасы жайгашкан аралга РАСАТ линзасы»  деген макаласында Антарктидада түрк илимий изилдөө лагери жайгашкан Хорсешо аралы Түркиянын алгачкы жергиликтүү спутниги РАСАТ тарабынан  байкоо астына алынгандыгын жазган. Бөлүшүлгөн спутник фотографияларында арал жана тегерегинин  формасына байланыштуу көрүнүштөр орун алды. РАСАТ эч чектөө болбостон дүйнөнүн бардык жеринен көрүнүштөрдү ала алат. РАСАТтан алынган көрүнүштөр карта, апааттарды иликтөө, экология, шаар пландоо иштеринде колдонулат.  

«Ватан» гезити «Жергиликтүү учкучсуз унаа аппараттарындагы ийгилик Акынжы чабуул коючу унаа аппаратын ылдамдатууда» деген кабарында учкучсуз унаа аппатары ИХАларды жергиликтүү мүмкүнчүлүктөр менен чыгарган Байрактар чабуул коючу Акынжы учкучсуз унаа аппаратын бул жылдын август айында текшерүү үчүн учурарын жазган. Акынжы учкучсуз унаа аппаратына 1350 килограммдык  жүк жүктөлө алат. Жергиликтүү программа менен башкарылган жана чыгарылган Som-A, Cirit, MK-82 жана Бозок сыяктуу ракеталар менен бирге жаңы тест кылынган улуттук акылдуу ок  - дарылар да Акынжыда колдонула алат.

«Стар» гезити Түрк аба жолдору түрк чайын дүйнөгө таанытат» деген кабарында Түрк аба жолдорунун 6-  апрелден баштап жаңы борбору боло турган Стамбул аэпортунда тышкы каттамдар жүргүнчүлөрүнүн колдонушу үчүн бөлүнө турган CIP Loungдын да түрк чайы үчүн атайын бир бурч түзгөндүгүн кабарлаган. Дүйнөнүн бир топ өлкөсүнөн Түрк аба жолдору жүргүнчүсү учурай турган беш жылдыздуу мейманканадай залда түзүлгөн бурч менен түрк чайы дүйнөгө таанытылат. Түрк аба жолдорунун тышкы каттам  Loungында тамак  - аш, суусундуктар менен бирге китепкана, балдар үчүн оюн бөлмөлөрү жана транзит жүргүнчүлөр үчүн жатуучу бөлмөлөр да бар.



Тектеш кабарлар