Түрк басма сөзү-27.03.2019

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

1171509
Түрк басма сөзү-27.03.2019

«Стар» гезити «Эрдоган: Трамп, сен кимдин жерин Израилге берип жатасың?» аттуу маалыматында Президент Режеп Таййип Эрдоган, Стамбулда катышкан иш-чарада АКШнын президенти Дональд Трамптын Голан дөңсөөлөрү жөнүндөгү чечимине катуу каршылык көрсөтүп, Трампты сынга алганын жазган. Эрдоган: «Трамп, сен кимдин жерин Израилге берип жатасың. 1967-жылдагы БУУнун токтому бар. БУУнун токтомуна караганда ал жер Сириянын жери. БУУнун токтомуна карабастан сен кантип Голан дөңсөөлөрүн Израилге берип жатасың. Европа Биримдиги муну кабыл албайт, Ислам Кызматташтык Уюму катары биз кабыл албайбыз, Орусия кабыл албайт, Кытай кабыл албайт, БУУнун Коопсуздук кеңешинен мындай нерсенин чыгышы мүмкүн эмес. Өзүн өзү билгендер... Ушундай нерсе барбы? Биз кайсы дүйнөдө жашап жатабыз?»,- деп айтты.

«Ватан» гезити «Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу араб өлкөлөрүнө Голан дөңсөөлөрү боюнча каршылык көрсөттү» аттуу маалыматында тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу, АКШнын президенти Дональд Трамптын Голан дөңсөөлөрү жөнүндө кол койгон документине катуу каршылык көрсөткөнүн жазган. Мевлүт Чавушоглу: «АКШнын президентинин Голан дөңсөөлөрүн баскынчы Израилдин жерлери катары тааныганын, кол койгон ал документке карата аймактагы араб өлкөлөрүнөн үн чыкпаганын айтты. Алгачкы каршы чыгуу Түркиядан болгонун белгилеген Чавушоглу, Европа Биримдиги дагы каршы чыгууда, айрым араб өлкөлөрү АКШ жана Израилден коркконунан үнүн чыгарбай турат»,-деди.

«Хабер түрк» гезити «Индиянын ишкери Манпреет Сингх: Түркияга инвестиция салуунун так эле убагы» аттуу маалыматында Индиянын эл аралык соода палатасынын төрагасы Манпреет Сингхтин өлкөсүндөгү инвесторлор үчүн Түркияга инвестиция салуунун так убагы экенин билдиргенин баяндаган. Түркиянын Европа жана Жакынкы Чыгыштын ортосундагы борбор болгонун белгилеген Сингх: «Айрыкча Европа Биримдиги менен көп сандаган карым-катнашы болгон Түрк фирмалары бар. Бул жагынан алганда Индиянын фирмалары Түрк фирмаларынан пайдаланышат»,-деди.

«Хүррийет» гезити «2019-жылы турист санында 15 пайыздык өсүү күтүлүүдө» деген маалыматында маданият жана туризм министри Мехмет Нури Эрсойдун 2019-жыл туризм сезонунан күтүүлөрүн жарыялаганын жазган. Киши санында 15 пайыздык өсүү күтүүсүндө болгондорун белгилеген министр Эрсой, мөөнөтүнөн мурда болуучу резервациялардын абдан жогору болгонуна басым жасады. Эрсой: «Өзгөчө жайкы дачалар аймагында бул катыш абдан жогору болушу мүмкүн. Түркия 2019-жыл сезонун жакшы өткөрөт»,-деди. Министр Эрсой, туризм сезонун узартуу жана дагы сапаттуу турист тартыш үчүн маданият жана искусство менен бириккен туризм түшүнүгүнө багыт алгандарын белгилеп кетти.

«Йени шафак» гезити «Түркиянын алтын өндүрүмүндө 2023-жыл максаты 50 тонна» аттуу маалыматында энергетика жана жаратылыш ресурстары министринин орун басары Митхат Жансыздын Түркиянын 2000-жылга дейре алтын өндүрүшү болбогонун белгилеп, «Түркия алтын жаатында 33,5 тонна өндүрүү менен 2013-жылы туу чокуга чыкты. Бул сан 2018-жылы 27,1 тоннага келди»,-деп айтканын баяндаган. Акыркы 30 жылда арткан издөө иштеринин натыйжасында ар түрдүү резервдер табылганын белгилеген Жансыз, максаттарынын 2023-жылы 50 тонна өндүрүү көлөмү болгон өлкөгө айлануу экенин маалымдады.



Тектеш кабарлар