Түрк басма сөзү-14.01.2019

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

1125142
Түрк басма сөзү-14.01.2019

«Йени шафак» гезити «Абадан жүргүзүлгөн операцияда 3 террорист жок кылынды» аттуу маалыматында Ирактын түндүгүндөгү Зап менен Синат-Хафтанин аймактарына карай мурдагы күнү абадан жүргүзүлгөн операцияда эң аз 3 террорист жок кылынганы маалым болгонун баяндаган. Улуттук коргоо министрлигинин жазуу түрүндөгү жарыясында айрыкча «Зап, Синат-Хафтанин аймактарына 2019-жылы 12-январда абадан жүргүзүлгөн операциянын натыйжасында террордук уюмга таандык курал кампалары, баш калкалоочу жайлары талкаланды»,делди.

«Хабер түрк» гезити «Чек арада чоң машыгуу» аттуу маалыматында Түрк куралдуу күчтөрү (ТКК) тарабынан Сирия чек арасындагы бөлүктөргө кошумча максат менен жөнөтүлгөн бөлүктөр, Хатай чек арасында машыгуу иш-аракетин ишке ашырганын жазган. Десанттык бөлүктөр да аянттарда мина издөө, ыкчам операция жана чалгындоо машыгуусун жүзөгө ашырды.

«Сабах» гезити «Түркиянын аба мейкиндигинен 15 секундда бир учак өттү» деген маалыматында транспорт жана инфраструктура министри Жахит Турхандын өткөн жылы Түркиянын аба мейкиндигинен орто эсеп менен ар бир 15 секундда бир учак өткөнүн маалымдаганын жазган. Турхан акыркы жылдарда учак менен саякат кылган жүргүнчү санында да маанилүү өсүү көрүнгөнүн белгилеп, «Акыркы 10 жылда аба жолу менен ташылган жүргүнчү саны жыл сайын орто эсеп менен 10,5 пайызга өсүп 62 миллиондон 210 миллионго жогорулады»,-деди.

«Стар» гезити «Улуттук куралдарда сыймыктануу күнү» аттуу маалыматында «Евфрат калканы» жана «Зайтун бутагы» кыймылдарында көрсөткөн ийгилиги менен купулга толгон жергиликтүү жана улуттук учкучсуз учуучу аппарат дүйнөнүн кызыгуусун тартып жатканын маалымдаган. Катардан кийин Украина дагы 6 куралдуу байрактар ТВ2 үлгүсүндөгү учкучсуз учуучу аппарат алыш үчүн Түркия менен келишимге кол койду.

«Хүррийет» гезити «Япондор жана түштүк кореялыктардын тандоосу Түрк азык-түлүктөрү» деген маалыматында Эгейдин экспортчулар биримдиги тарабынан Түрк азык-түлүк өндүрүмдөрүнүн Япония жана Түштүк Корея базарларында таанытылышына карай жүргүзүлгөн «Turquality»долбоору, Түрк азык-түлүк өндүрүмдөрүнүн Япония жана Түштүк Кореяга экспортун 36 пайыздык өсүү менен 115 миллион доллардан 156 миллион долларга жогорулатканын маалымдаган.



Тектеш кабарлар