Түрк басма сөзү  08.01.2019

Бүгүн басмадан чыккан гезиттерден кыскача маалыматтар.

1121218
Түрк басма сөзү  08.01.2019

 

«Йени шафак» гезити «Айдында жер шарына таандык болбогон элемент табылды» деген макаласында Айдын облусунун Дидим районунда Руми Чатыккаш өткөн  сентябрь айында тапкан 5 метеордун бирөөсүнүн үстүндө жаныбар жана адамдын фигруларынын бар экендигин айтканын жазган. Чатыккаш тапкан таштарды Кахраманмараш Сүтчү Имам университетинде иликтетти. Таштардын ичиндеги 26 элементтен алтоосунун жер шарында болбогон элементтер экендиги белгиленди. Метеор таштарын иликтеп жатып өзгөчө ичинен бирөөсүнүн көңүлдөрдү бургандыгын белгилеген Руми Чатыккаш : «Таштын сүрөтүн тартып чоңойтконумда адам жана жаныбарлардын сүрөттөрүнүн бар экендигин байкадым»,- деди.

«Сабах» гезити «Экспорт күтүүсү биринчи чейректе 5, 4 баллга жогорулады» деген макаласында экономика министрлигинин Түркиянын алдыңкы экспортчу фирмаларынын күтүүлөрүн белгилөө үчүн жүргүзгөн Тышкы соода күтүү сурамжылоосунун жыйынтыктарын билдирген. Ушуга караганда 2018 – жылдын төртүнчү чейрегинде 111, 6 болгон экспорттун күтүлгөн индекси 2019 -  жылдын биринчи чейрегинде 5,4 баллга өсүп 117 деңгээлге жогорулап, жылдык базада 4, 5 баллга өстү. 2018 -  жылдын төртүнчү чейрегинде 100,1 болгон импорт күтүү индекси 2019 -  жылдын биринчи чейрегинде 5,4 баллга азайды жана 94, 7 пайыздык деңгээлде артка кетип, жылдык базада 20, 3 пайызга азайды.

«Хабер түрк» гезити «Болот экспорту өстү» деген макаласында Түркиянын иштетилбеген болот өндүрүшү 2018 -  жылдын январь  - ноябрь мезгилинде андан мурунку бир жылдын ошол эле мезгилине караганда 0, 5 пайызга өсүп 34, 4 миллион тоннага жогорулады. Бул мезгилде болотттон жасалган буюмдардын экспорту көлөмү жактан 19, 2 пайызга өсүп, 19, 9 миллион тонна, баа базасында болсо 33 пайыздык өсүү менен 16 миллиард долларга чыкты.

«Стар» гезити «Түрк деңиз туризми Германияда таанытылат» деген кабарында Түркиянын деңиз туризминде сунуштаган мүмкүнчүлүктөр Германияда таанытыларын жазган. Дуссельдорф шаарында 19 – 27 -  январь күндөрү 90 өлкөдөн 2 миңге жакын катышуучу жана 250 миң кишини тосуп ала турган Европанын эң чоң деңизчилик жарманкесине Түркия да катышат. Жарманкеде суу спорттору, чумкуу туризми боюнча Түркия стенддери орун алат. Германиядагы таанытуулар менен круиздик туризмдин жогорулоого өтүшү менен бир канча жылдын ичинде 2 миллион, андан кийин 5 миллион кишинин келиши максат кылынууда.

«Хүррйиет» гезити «Түркиянын табигый аквариуму : Гөкпынар көлү» деген кабарында Сивастын Гүрүн районунда жайгашкан жана көгүлтүр түсү менен табигый аквариум деп мүнөздөлгөн Гөкпынар көлү кардын жаашы менен бирге абдан кооз көрүнүшкө ээ болгондугун жазган. Шаардын борборунан 147 километр алыстыктагы Гөкпынар көлү жылдын ичинде бир топ кишини тосуп алат. Туптунук суусу жана көрүнүшү менен кызыгууларды тарткан Гөкпынар табият фотографчыларынын да кызыгуусун тарткан жер. Тереңдиги 18 метрге жеткен Гөкпынарда чумкугучтар бат  - бат чумкуп турушат.



Тектеш кабарлар