Түрк басма сөзү-7.01.2019

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

1120459
Түрк басма сөзү-7.01.2019

 

«Стар» гезити «Дүйнө жүзү Эрдоган менен Путиндин жолугушуусуна көз салууда» аттуу маалыматында президент Режеп Таййип Эрдоган менен Орусиянын президенти Владимир Путиндин ортосунда 2019-жылдын алгачкы жолугушуусунун ушул айдын ичинде болушу күтүлгөнүн жазган. Январь айына пландалган Орусия сапарынын алкагында Эрдоган менен Путиндин жолугушуусунда Сирия маселеси баш болгон С-400 абадан коргонуу системасынын алынышы, эки тараптуу жана аймактык темаларда маанилүү чечимдер чыгарылышы күтүлүүдө.

«Йени шафак» гезити «Манбиждиктердин Түркиядан талабы; Бизди Асадга таштабаңыз» аттуу маалыматында АКШ колдогон жикчил террор уюму ЙПГ/ПКК жана Башар Асад режиминин зулумдугунун айынан жерлеринен ажыраганга аргасыз болгон сириялыктар, Түркиянын баштай турган операциясы үчүн күн санап жатышканын маалымдаган. Сириянын бир топ аймагынан Түркияга келген эзилген калк, «Башар Асад оюн ойноп жатат. Манбижге Асад кирсе ал жерде чоң кыргын салат»,дешүүдө. Түркияга баш калкалкалаган аймактын калкы ыктымалдуу операция менен жерлери террордон тазаланышын жана өлкөлөрүнө кайтууну чыдамсыздык менен күтүүдө.

«Сабах» гезити «Автомобиль секторунан Республика тарыхынын экспорт рекорду» аттуу маалыматында түрк автомобиль индустриясы өткөн жылы андан мурдагы жылга салыштырмалуу 11 пайыздык өсүү менен 31,6 миллиард доллардык экспортко жетишти, өз тармагында Республика тарыхынын экспорт рекордуна жеткенин маалымдаган. Өткөн жылды да рекорд менен жапкан автомобиль сектору, жыл менен алганда экспортто удаама-удаа 13-чемпиондугуна жетти.

«Хабер түрк» гезити «Анкарадан Римге түздөн-түз учуу толкундануусу» аттуу маалыматында Түрк аба жолдорунун (THY) 60 жылдык мөөнөттөн кийин алгач ирет бүгүн борбор калаа Анкарадан Италиянын борбор шаары Римге каттамы күтүлгөнүн баяндаган. Анкарадан январь айында айрыкча Англия жана Грузиянын борборлоруна түздөн-түз каттамы болот. Түрк аба жолдору (THY)  9-январда Англиянын борбор шаары Лондонго жана 18-январда Грузиянын борбор шаары Тбилисиге Анкарадан түз каттамды ишке ашырат.

«Ватан» гезити «Түрк футболчуга жогорку баа» деген маалыматында Трабзонспордун 19 жаштагы оюнчусу Абдулкадир Өмүр, ойногон футболу менен машыктыруучу Үнал Карамандын баш тартылгыстарынын арасына кирсе, Европанын чоң клубу жаш оюнчунунун трансфери үчүн киришүүсүн баштаганын жазган. Англияда чыккан Миррордун кабарына карарагнда Англиянын Премьер Лигасында артта калган 21 оюнда топтогон 54 баллы менен эң жогорку орунга чыккан Ливерпуль, Абдүлкадир Өмүр үчүн 27 миллион стерлин төлөп берүүгө макул. Кабарда Абдүлкадир Өмүр «Түрк футболунун эң мыкты жаш оюнчусу» катары мүнөздөлгөн.



Тектеш кабарлар