Түрк басма сөзү  4.1.2019

Бүгүн басмадан чыккан гезиттерден кыскача маалыматтар.

1119173
Түрк басма сөзү  4.1.2019

 

«Хабер түрк» гезити «Президент Эрдоган Ирактын президенти Салих менен жолугушту» деген маалыматында президент Р. Т. Эрдогандын кечээ расмий сапар менен Түркияга келген Ирактын президенти Берхем Салихти расмий азем менен тосуп алгандыгын жазган. Жекеме  - жеке жана делегациялар аралык жолугушуулардан кийин өткөрүлгөн биргелешкен пресс  - жыйында Эрдоган : «Түркия Ирактын кайрадан курулушунда бардык жардамды берүүгө даяр. Кагылышуулардан зыян тарткан жерлердин курулушу жана базистик долбоорлоруна да даярбыз. Эки тараптуу соодабызда өткөн жылы 16 миллиард доллар менен рекордго жеткенбиз, эми муну 20 миллиард долларга жогорулаталы»,- деди.

«Ватан» гезити «Түркия жана АКШ Чыгыш Жер Ортолук деңизинде биргелешкен деңиз машыгуусун өткөрдү» деген маалыматында улуттук коргоо министрлигинин социалдык медиа эсеби твиттерден берилген маалыматка караганда деңиз күчтөрүнө таандык TCG Газиантеп, TCG Гемлик фрегаттары, бир деңиз тик учары жана эки Ф  - 16 учагы менен АКШнын деңиз күчтөрүнө таандык USS PORTER кемесинин катышуусу менен 2019 -  жылы 3 -  январда Чыгыш Жер Ортолук деңизинде эл аралык сууларда деңиз машыгууларын өткөрдү.

«Хүррийет» гезити «Министр Албайрактан абдан маанилүү маалыматтар» деген кабарында казына жана финансы министри Берат Албайрак инфляция сандарына байланыштуу берген маалыматында : «Жылдын акырынан баштап максатыбыздын баарына жеткен болобуз»,- деди.

«Йени шафак» гезити «Инфляция  сандары билдирилди» деген кабарында Түркия Статистика Мекемеси 2018 -  жылдын декабрь айынын инфляциясын билдирди. Ушуга караганда инфляция декабрь айында 0, 40 пайызга төмөндөгөндүгүн жазган. Жылдык инфляция болсо 20, 30 пайыз болуп ишке ашкан.

«Сабах» гезити «Азык  - заттарда рак пайда кылуучу заттарды аныктаган жергиликтүү аппарат чыгарылды» деген макаласында өнөр жай жана технология министри Мустафа Варанк өлкө тышынан келген азык  - заттарда рак пайда кылуучу заттардын бар же жок экендигин аныктаган азык  - заттарды текшерүү аппаттарынын Түркия илимий жана технологиялык изилдөө мекемеси ТҮБИТАК тарабынан "AFLAMAM" деген ат менен жергиликтештирилгендигин билдирди.



Тектеш кабарлар