Түрк басма сөзү  21.12.2018

Бүгүн басмадан чыккан гезиттерден кыскача маалыматтар.

1111173
Түрк басма сөзү  21.12.2018

 «Хүррийет» гезити «Таштай турган маанилүү кадамдарыбыз бар» деген макаласында президент Р. Т. Эрдоган менен Ирандын президенти Хасан Рухани кечээ президенттик комплексинде өткөргөн жолугушуудан кийин биргелешкен пресс  - жыйын өткөргөндүгүн жазган. Эрдоган маалыматында «Орток максаттарды жок кылуу эркибиз бар. Аймагыбызда болгон кагылышууну акырына чыгаруу үчүн Түркия жана Ирандын бирдикте таштай турган маанилүү кадамдары бар»,- деди.

«Йени шафак» гезити «Акар : эми алдыбызда Манбиж менен Евфраттын чыгышы бар» деген кабарында улуттук коргоо министри Хулуси Акар Сирияда Евфрат дарыясынын чыгышын басып алып чукур жана туннелдерди казган ПКК/ЙПГ жикчил террордук уюмдун террористтеринин казган чуңкурларга көмүлөрүн айтты. Акар Катар улуттук күнүнө арналган аземдерге катышуу үчүн кечээ барган борбор шаар Дохада берген маалыматында : «Эми алдыбызда Манбиж менен Евфраттын чыгышы бар. Бул тууралуу катуу иштеп жатабыз»,- деди.

«Сабах» гезити «Улуттук ракета «Бора» бутасын атты» деген маалыматында улуттук ракета Боранын тест атууларынын жарыялангандыгын билдирген. Көрүнүштөрдү өнөр жай министри Исмаил Демир бөлүштү. Демир билдирүүсүндө : «Бора ракетабыз 280 километр узундуктагы бутасын таамай атты» деди.

«Хабер түрк» гезити «Туристтер Түркия, Куба жана АКШга багыт алды» деген кабарында Бириккен Королдукта жарыяланган «Таймс» гезити Европа Биримдигинен түшүнүлбөгөн бөлүнүү талаш  - тартыштарынан кийин туристтердин келерки жай мезгили үчүн Түркия, Куба жана АКШны тандагандыгын жазган. Кабарга караганда Түркия менен Африкага карата саякат боюнча күн алуу  50 пайызга артты. Таймстын кабарына караганда АКШ, Куба жана Мексика каттамдарына карата талаптарда да өсүү болду.

«Стар» гезити «Изник ЮНЕСКО маданий мурас тизмесине кириши мүмкүн» деген кабарында Германия маданият министрлигинде кызмат кылган археологдор Бурсанын тарыхый мааниге ээ району Изникте иликтөө жүргүзгөндүгүн жазган. Археологдор Чыгыш Рим императору Юстиниан мезгилинде курулган 1500 жылдык тарыхый Рим көпүрөсүн да иликтеди. Карен Сперлинг көпүрө менен башка тарыхый чыгармалардын рестоврацияланышы менен Изниктин ЮНЕСКО дүйнөлүк маданий мурас тизмесине кириши мүмкүн экендигин айтты.



Тектеш кабарлар