Түрк басма сөзү-17.12.2018

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

1108294
Түрк басма сөзү-17.12.2018

«Хабер түрк» гезити «Министр Акардын террор менен күрөшүү боюнча жарыясы» аттуу маалыматында улуттук коргоо министри Хулуси Акардын, «Чечкиндүү күрөш жүргүзүүнүн натыйжасында террор уюмунда олуттуу бузулуулар болду, террордук кыймылдары абдан чектелди»,-деп айтканын баяндаган. Бардык террордук уюмдарга каршы катуу күрөш жүргүзүп жаткандарын айткан министр Акар: «Бул күрөш улутубуздун коопсуздугу үчүн керектүү жана мажбурдуулук»,-деп айтты.

«Йени шафак» гезити «Гара жана Хакурк атылды; 10 террорист жок кылынды» аттуу маалыматында түрк куралдуу күчтөрүнүн кечээки маалыматында Ирактын түндүгүндөгү Гара жана Хакурк аймактарына 15-16-декбарь күндөрүндө абадан жүргүзүлгөн операцияларда террордук уюмга таандык үңкүр жана баш калкалоочу жайлардын таш талканы чыгарылганы белгиленгенин жазган. База аймактырбызга кол салууга даярдык көрүп жаткан 10 террористтин да жок кылынганы жарыяланды.

«Стар» гезити «Туристтердин тандоосу кайрадан эле Түркия болду» аттуу маалыматында Бодрумду таанытуу фонду чогулткан 2017-2018-жылдардын январь-ноябрь мезгилиндеги көрсөткүчтөрүнө караганда 2017-жылга салыштырмалуу 2018-жылы ноябрь айынын акырынан тарта Милас-Бодрум аэропортунун тышкы каттамдар терминалына келген турист санында 61,61 пайыздык өсүү болгонун маалымдаган. Бодрумга эң көп турист келген өлкөлөр тизмелөөсү өзгөргөн жок. Ага караганда катары менен Англия, Орусия, Польша, Германия, Нидерландия жана Украина болду.

«Хүррийет» гезити «Түрк ашканасы дүйнө дастаркондорун кооздоодо» деген маалыматында Измирде иш алып барган бир фирма жүзүм жалбырагынан оромо, хумус жана чиг көфте сыяктуу түрк тамактарын түрктөр жыш жашаган 14 өлкөгө экспорттоп жатканын маалымдаган. Ички базардан келген талаптарга жооп бериш үчүн 1991-жылы 25 чарчы метрдик аянтта бул тамактарды жасай баштаган эки демилгечи, талаптын ылдам өсүшү менен бирге Торбалы районуна 16 миң чарчы метрдик жабык аянтка ишкана курду. Алгачкы жылдарда атом, хайдари жана жалбырак оромосу менен башталган тамак жасоо, жергиликтүү даамдар да орун алган 250 түргө жеткирилди. Өзгөчө түрктөр көп жашаган Европа өлкөлөрүнө экспортун баштаган фирма жылына 3 миллион дорллардык валюта кирешесин камсыздоодо.

«Сабах» гезити «Эржиесте сезон ачылды» аттуу маалыматында Түркиянын маанилүү лыжа борборлорунан бири болгон Эржиес тоосунда лыжа сезону ачылганын жазган. Сезондун алгачкы күнү дем алышка туура келгендиктен 15 миң киши Эржиеске чубады. Жол тилкелери карга толгон Эржиесте лыжа сүйүүчүлөр моокуму кангычакты лыжа тепти.



Тектеш кабарлар