Түрк басма сөзү  13.12.2018

Бүгүн басмадан чыккан гезиттерден кыскача маалыматтар.

1106276
Түрк басма сөзү  13.12.2018

«Ватан» гезити «Эрдоган :  кыймыл бир канча күндүн ичинде башталат» деген кабарында Президент Р. Т. Эрдоган кечээ Бештепе улуттук конгресси жана маданият борборунда түрк коргонуу өнөр жайынын саммитинде сүйлөгөн сөзүндө Сирияда Евфрат дарыясынын чыгышындагы террордук буталарга бир канча күндүн ичинде кыймылдын баштатыларын айткандыгын жазган. Эрдоган : «Евфраттын чыгышына кыймыл бир канча күндүн ичинде башталат. Террористтерди  ал жерден биз чыгарабыз, иш бизге түштү»,- деди.

«Хабер түрк» гезити «Бүткүл дүйнөдө түркчө үйрөнүүгө абдан чоң кызыгуу бар» деген кабарында Түрк тил курумунун төрагасы профессор доктор Гүрер Гүлсевин түрк тилинин эми сериалдар менен да дүйнөнүн ар тарабына жайылгандыгын жана дүйнөдө түркчө үйрөнүү үчүн кызыгуунун абдан чоң экендигин белгилегендигин айткандыгын жазган. Гүлсевин түрк сериалдарына Орто Азияда, Ортоңку Чыгышта, Балкандарда бир топ жерде абдан чоң кызыгуу бар экендигин айтты. Гүлсевин дүйнөдө Америка кинолорунан кийин түрк сериалдарынын экинчи орунда тургандыгын белгиледи.

«Хүррийет» гезити  «Туристтердин конуу үчүн тандаган жери ал эки облус болду» деген маалыматында маданият жана туризм министрлиги тарабынан тастыкталган коноктоочу комплекстерде жергиликтүү жана чет элдик туристтерден жылдын 10 айында  келип 133 миллиондон ашуун коноктоонун 66, 26 пайызы Анталия жана Стамбулда болду. Маданият жана туримз министрлиги менен Жер Ортолук деңиз туристтик отелчилер жана ишкана ээлери биримдигинин отчетунан алынган маалыматка караганда чет элдик конкотордон 89 миллион 108 миң, жергиликтүү коноктордон болсо 43 миллион 954 миң 237 киши коноктогон.

«Сабах» гезити «Дүйнөнүн өрүккө болгон муктаждыгын Малатия камсыздайт» деген кабарында дүйнө как  өрүк муктаждыгынын 85 пайызын Малтиядан камсыз кылып жаткандыгын жазган. Жылдын январь  -  ноябрь мезгилинде 110 өлкөгө 42 миң 377 тонна 143 килограм сатылды. Сатуудан 109  миллион 381 миң 760 доллар киреше алынды.

Малатияда 8 миллионго жакын өрүк дарагы бар. Как өрүк эң көп экспорттолгон өлкө АКШ. Франция, Германия, Бразилия жана Бириккен Королдукка экспорт жасалып, Мальдив аралдарына 10 жана Танзанияга 100 килограм продукциянын жиберилиши көңүлдөрдү бурду.

«Стар» гезити «Эрдоган менен Мадуронун саясий достугу экспортто рекорд алып келди» деген кабарында президент р. Т. Эрдоган менен Венесуэланын президенти Николас Мадуронун арасындагы жакындашуу, экспорт сандарына оң таасирин тийгизгендигин жазган. Түркиядан Венесуэлга жасалган экспорт 2018 -  жылы 207 пайыздык өсүү менен 36, 7 миллион доллардан 112, 8 миллион долларга чыкты. Венесуэланын экспорттогу тандоосу да Түркия болду.

 

 

 

 

 



Тектеш кабарлар