Түрк басма сөзү  07.12.2018

Бүгүн басмадан чыккан гезиттерден кыскача маалыматтар.

1102507
Түрк басма сөзү  07.12.2018

 

«Хабер түрк» гезити «Экинчи 100 күндүк кыймыл планы даяр» деген маалыматында вице  - президенти Фуат Октай жаңы мезгилдин экономикадагы алмашуу кыймылдарынан сөз кылгандыгын жазган. «Өндүрүш экономикасы жана тейлөө боюнча долбоорлор келе жатат»,- деген Октай жаңы мезгилде коргонуу өнөр жайы, саламаттык жана энергетика тармактарында жаңы кадамдардын ташталарын белгиледи. Кыймыл планында кошумча наркы жогору продукциялардын өндүрүлүшүнө карата долбоорлор менен жарандардын турмушун жеңилдете турган кызматка карата долбоорлор орун алат.

«Йени шафак» гезити «Ф  - 35тер келерки жылы Түркияда болот» деген маалыматында коргоо өнөр жайынын төрагасы Исмаил Демир АКШдан Ф  - 35 аскердик учактарынын тапшырылышында бир маселенин болбогондугун, келерки жылы эки учактын тапшырыла аларын билдирди. Демир Орусиядан алына турган С  - 400  абадан коргонуу системалары тууралуу болсо процесстин улантылып жаткандыгын, ал тууралуу да кандайдыр бир тоскоолдуктун болбогондугу жана календарда 2019 – жылдын күтүлгөндүгүн белгиледи.

«Ватан» гезити «Нигериялыктардан түрктөргө рахмат» деген кабарында Нигерияда коопсуздук маселеси жана экономикалык себептерден 13, 2 миллион бала мектепке бара албай жатканда Германияда жашаган түрктөр борбор шаар Абужанын түштүгүндөгү Гбесса аймагында окуучулар акысыз билим ала турган мектеп курдуртушкандыгын жазган.  Мектептин мугалимдеринен Адам Саид Али 8 жыл боюнча манго дарагынын астында сабак беришкендерин белгилеп : «Бизге Алла түрктөрдү жиберди. Январь айында бул жерге келгенде биздин абалыбызды көрүштү жана бизге мектеп курушту»,- деди.

«Стар» гезити «Анталия дүйнөнүн эң көп турист тосуп алган үчүнчү шаар» деген кабарында Анталья  мэри Мендерес Түрел Анталиянын бул жылы АКШнын Нью  - Йорк шаары менен бирге дүйнөнүн эң көп турист тосуп алган үчүнчү шаары болгондугун айтканын жазган. Анталияны маркалашуу жолунда дагы да күчтөндүрүп, атаандашсыз абалга алып келүүнү каалашкандарын белгилеген Түрел : «Эми биз дүйнө биринчилигине карай алдыга жылабыз. Парижден, Лондондон да өтөбүз»,- деди.

«Сабах» гезити «Түркияга 3 миллиард долларлык инвестиция» деген маалыматында Badeer – 1 иш дүйнөсү жана инвестиция мүмкүнчүлүктөрүнүн саммити Стамбулда өткөрүлгөндүгүн жазган. Саммитте 40тан ашуун өлкөдөн 300гө жакын чет элдик инвестор,  өнөр жай, энергетика, туризм, курулуш, коргоо, алдыңкы технология, айыл  - чарба жана мал  - чарбачылык, саламаттыкты сактоо сыяктуу тармактарындагы 100дөн ашуун жергиликтүү инвестор менен жолугушту. Саммиттин 3 миллиард долларлык инвестицияны Түркияга тартуусу күтүлүүдө.



Тектеш кабарлар