Түрк басма сөзү-05.12.2018

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

1100854
Түрк басма сөзү-05.12.2018

«Хабер түрк» гезити «Президент Эрдогандын маалымдоосу» аттуу маалыматында президент Режеп Таййип Эрдоган, Аргентинадагы Чоң жыйырмалыктын лидерлер саммитинен кийин ишке ашырган Парагвай жана Венесуэла сапарларын аяктап кечээ борбор калаа Анкарага келгенин жазган. Эрдоган, Эсенбога аэропортундагы маалымат жыйында, «Латын Америка жана Кариб аймагындагы өлкөлөр менен эки тараптуу жана көп тараптуу карым-катыштарды өнүктүрүүнү улантабыз”,-деди. Эрдоган айрыкча эки тараптуу жолугушууларда террордун бардык формаларына каршы күрөшүүдө колдошуунун керектүүлүгүнө басым жасагандарын белгилеп өттү.

«Хүррийет» гезити «Бинали Йылдырым; Кытайды стратегиялык дос өлкө катары көрүүдөбүз» аттуу маалыматында Түркия Улуттук Улуу Жыйынынын (ТУУЖ) төрагасы Бинали Йылдырымдын Азиянын чыгыш учунда Кытайдын, батыш учунда Түркиянын эки стратегиялык өлкө экенин белгилеп өткөнүн жазган. Кытайдагы жолугушууларынын алкагында кечээ борбор шаар Пекинде орун алган Йылдырым, Congnanhay мамлекеттик конок үйүндө премьер-министр Ли Кэцян менен жолукту. Йылдырым жолугушууда, «Тарыхый жибек жолунун Азиянын чыгышынан Европанын борборуна чейин кеткен багытында орун алган маанилүү эки өлкөдөн сөз кылуудабыз. Кытайды биз өзүбүз үчүн стратегиялык дос өлкө катары көрүүдөбүз»,-деп айтты.

«Сабах» гезити «Венесуэлада Эмине Эрдоганга атайын музыка коюп берилди» деген маалыматында президент Режеп Таййип Эрдогандын жубайы Эмине Эрдогандын Венесуэланын президенти Николас Мадуро Моростун жубайы Силия Флорес де Мадуро тарабынан атайын программа менен тосулганын маалымдаган. Эл аралык чөйрөлөрдө EL SISTEMA  деп билинген Венесуэланын Улуттук жаштар жана балдар оркестри жана хорлору системасы, Эмине Эрдогандын урматына концерт берди. Атайын тандалмадан турган концертте «Үскүдара гидер икен», «Берабер йүрүдүк», «Сары гелин» сыяктуу атайын ырлар менен катар Улуттук гимн чертилди.

«Ватан» гезити «Түркиянын алыстан башкарылган жөө аскерлери келе жатат» деген маалыматында коопсуздук күчтөрүнүн колдонуусуна сунушталган айдоочусуз жүрүүчү унаалардын түрү жана саны көбөйтүлө турганын жазган. Коргонуу өнөр жайы башкармалыгы, айдоочусуз системалар тармагында жергиликтүү чечүүчү жолдун арттырылышына жана түрлөндүрүлүшүнө карай иштерди күчөттү. Ушул алкакта айдоочусуздаштырылган платформалардын, тылдык тейлөөлөр, коркунучтуу аянттарда чалгындоо жана транспорттук тейлөөлөрү менен жогорку атуучу күчү жана кыймыл жөндөмдүүлүгүн колдонуп душманга жакындоо жана керек болгондо таасирисз кылуу максаттары менен колдонулушу пландалууда.

«Стар» гезити «Түрк сериалдары Ливанда алтын доорун жашап жатат» деген маалыматында түрк сериалдары арапча дублажы менен эфирге бериле баштаган 2007-жылдан бери Ливанда эң көп көрүлгөн чет элдик сериалдар тизмелөөсүндөгү биринчилигин коргогонун баяндаган. Ливандыктар мындан мурда көрүп жүрүшкөн Сирия, Египет жана Мексика сериалдарынын ордуна акыркы он жылдан бери түрк драмаларын тандашууда. Ливанда эркектер дагы көп түрк тилин үйрөнүү үчүн бул сериалдарды көргөндөрүн айтышса, айымдар болсо аңгеме жана оюнчулук күчү менен катар Түркиянын аймактык кооздугу, маданияты жана модасына кызыккандары үчүн бул сериалдарды тандагандары түшүндүрүлгөн.

 



Тектеш кабарлар